Айова аймагында үй-бүлө мүчөлөрү төрөлгөнүнө жети жума болгон ымыркайы менен футболго барууну чечишкен. Бирок бул жолку чечим үй-бүлөгө кайгы алып келди деп жазат  ife.ru порталы.

Оюн учурунда катуу тебилген топ ымыркайдын башына келип тийген. Ал учурда апасы баласын эмизейин деп жаткан. Топтун кандай келип тийип калганын экөө теӊ байкабай калган. Натыйжада ымыркайдын мээсинен катуу жабыркап, Уэверлидеги медициналык борборго вертолет менен жеткиришкен.

Күтүлбөгөн кырсыкка ата-энеси эч кимди күнөөлөй алышкан эмес. Учурда баланын абалы туруктуу. Аны дарылатууга ата-энеси кайрымдуулук иретинде каражат топтоп жатышат.

Фото © Facebook/Healing for McKenna

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here