Окуя Аламтыда  5- май күнү болжол менен саат 17.00дө  «Саяхат»  автовокзалынын аймагында болгон. Бул тууралуу newtimes.kz жазып чыкты.

«Автовокзалдын жанынан өтүп бараткан унаадан кыз секирип түшүп,качууга аракет кылган. Аны артында келе жаткан машина сүзүп алгандыктан, шок абалында базардын кароолчусуна араӊ жетип, жардам сураган. Бирок ошол эле машинадан түшкөн адамдар, артынан келип жакын туугандары болобуз дешип кызды алып кетүүгө аракет кылышкан.  Кыз аябай коркуп калгандыктан сүйлөгөнгө алы келген эмес.

Бирок ал белги берип, артынан келгендерге баргысы келбегенин айткан. Ошентсе дагы 4 жылдан бери башка кыздар менен кулчулукта жүргөнүн айткан»

Видеону тараткан Суйениша Мухамеда Алинин айтканына караганда: сутенердин улуту кыргыз болгон. Анын жогору жакта байланыштары күчтүү болгондуктан, кыздын укугу корголбой деле калышы мүмкүн деген.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here