Рио-де-Жанейро шаарынын 41 жаштагы  тургуну Симона Анжус дос Сантос жергиликтүү жеке клиникада 10 жылдан бери мед айым болуп иштеп келген. Ал өзү иштеген жердеги жаӊы төрөлгөн ымыркайдын катетерин алып салуу менен өлтүрүүгө аракеткылган деп жазат life.ru порталы.
Фото: Daily Mail
Видеодон аялдын ымыркайга келип, аппараттан бир нерсе жасап жатканын көрүүгө болот.  Кийинчерээк Симонанын кесиптеши ымыркайдын катетери ордунда эместигин байкап калган.
Эки жуманын ичинде Симона ушундай эле түрдө дагы  3 ымыркайдын катетерин өчүргөн.  Бактыга жараша балдар аман калган. Полиция видеону текшерүүгө алып, адам өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен Симонаны камаган. Бирок эмне себептен андай кадамга барганы азыркыга чейин белгисиз .

Видео: Daily Mail

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here