Кыргызстанда ат салышып атаандаштык менен иштеген ишканалар саналуу эле, алар курулуш компаниялары, коммерциялык банктар  жана уюлдук операторлор. Жарнамага мониторинг кылган компаниялардын билдиргенине караганда  жарнама үчүн эң эле көп каражатты сарптаган бул уюлдук операторлор биринчи орунда, андан кийин коммерциялык банктар, кийин курулуш компаниялары жана дары-дармектерди сунуштаган фармацевтикалык ишканалар. Айтайын дегеним, кызматтарын же товраларын сунуштап, жарнамага ушунча акча каражатын короткон ишканалардын кызматтары же товарлары талапка жооп береби? Менин бул теманы көтөрүп чыккандыгымдын себеби ушунда, анткени “Нур Телеком” (эл арасында “О” соода белгиси) сим картасын аэропорттон эч кандай каттоосу жок бекер таратып жатканда колго тийип калган эле, бирок акыркы мезгилде аталган уюлдук оператордун  мен көп колдонгон мобилдик интернети күндөн кунүгө начарлап эле бара жатат. Менин телефон аппаратымдан го деп, ага башка компаниянын сим-картасын салып көрсөм сопсонун эле иштеди. Демек, жарнамага жанталашкан “О” компаниясы, кардарларынын санын көбөйтүү максатында, техникалык тармагын жакшыртуунун ордуна, каражатын жарнамага жумшап жаткан кербези экен. “Онун” байланыш кызматынын начардыгына наарызы болгон мен элемин го десем, акыркы мезгилде  социалдык тармактарда “Ону” сөккөндөрдүн саны арбып эле баратат.

                          Интернети керектүү учурда иштен чыгат

Бир эле мисалды айталы: кечкисин эл жумуштан бошогон учурда (“Часпик” маалы дейли) “О” нун интернети кардарларынын талабына жооп бере албай, ташбакадай гана кыймылдап калат. Ашыкча мактануу иштер менен алектенбей, сапаттуу байланыш үчүн эмгенип иштесе, биз да минтип нааразычылыгыбызды жазбайт элек го.  Катуу айтканда, ажалынан мурун “өлүп” калган болот. Анан: “керектүү учурда талапка ылайык иштебеген интернеттин кимге кереги бар?”- деген суроо өзүнөн – өзү туулат.  Акыркы убакта бул уюлдук оператордун кыжырды келтиргени, “Мегакомдун” ”Хайп” тарифин туурап, “СуперХайп” деген аталыштагы акциясын чыгарышты.

Айласы кеткенде,  “Нуртелекомдун”  атаандаш компанияларын тууроону адатка айлантып баратканын байкоого болот.  Мындайча айтканда алардын идеясын каратып туруп уурдай баштады. Эми  сөзүбүз кургак болбош үчүн буга  далил келтирели.  Белгилүү болгондой “Мегаком” жакында  эле  көпчүлүктүн көңүлүнө жага баштаган (жарнама эмес, “Онун” кызматына жинденип ушул тарифти колдонуп баштадым) “Хайп” деген тариф чыгарды. Бул интернет  колдонуучулар үчүн өзүнчө эле “бум” жаӊылык болуп калды десек болот. Себеби, буга чейин бир да байланыш компаниялары кардарлар үчүн мынчалык көп көлөмдө колдонуу үчүн (интернетке) гб. берген эмес. Бул кыргызстандагы уюлдук операторлордун арасында  биринчи жолу болуп олтурат.  Эл оозуна Хайп эле Хайп, Хайп деген эмне деген, Мегакомдун тарифи сөз боло баштады, жөнөкөй сөз менен айтканда аты чыга баштады.  Ушундан улам, анысыз да интернет боюнча сапатын жакшырта албай келаткан “О” оператору “Мегакомдун” “Хайп” тарифине ичи ачышып кетип,  өз кардарлары үчүн “Супер хайп” деген тариф чыгарды.  Бул эми туурамчылык эмей эмне?

Жөн отурбай бул эки оператордун Хайптарын да ийне жибине чейин чукулап көрдүм. Кыскача айтканда Мегакомдун Хайп тарифинде тандап алган гигабайттарды каалагандай колдоносун, социалдык тармактардан баштап,  каалаган сайтка кирип видеофайлдарды көрүүгө мүмкүн. Дагы бир жакшы жери, 1 айга бир төлөйсүң.

“О”нун  “СуперХайптын” 30 сомго бир жумада 200 гб. берилет деген чакырыгы  көптөрдү кызыктырганы менен, бул кезектеги эле аладамчылык шоу сыяктуу болуп калды. Эмнеге? Анткени  200 гб бир жума үчүн өтө көп.  Социалдык тармактарды барактаганга 200 гб баарын бир жумада коротуп бүтүүгө мүмкүн эмес, муну эске алуу менен “О” компаниясы, атаандашынын 100 гигабайтын 200 гб менен жабабыз дегендегиси. Бирок Мегакомдун 100 гбын эркин колдоносуӊ, ал эми “Онун” 200 гбы, соцтармактар үчүн гана.  Анан калса, бул сунуш менен социалдык тармактарды гана барактаганга мүмкүн, видео көрүп же башка сайттарга кирүүгө болбойт. Ал эми башка сайттарга кирип, же Ютуб сайтынан видеофалдарды көрө баштасаңыз, балансыңыздан кеткен акча кеткен. Жөнөкөй сөз менен айтканда, убадаланган баягы 200 гбты унутушуңуз керек. Анын үстүнө “О” нун “СуперХайпы” бардык “О” операторун колдонгондор үчүн эмес. Болгону: «Переходи на О! Light+», «Переходи на О!+», «Переходи на О!Light + TV базовый»- деп аталган тарифтери үчүн гана. Демек, бул жерде дагы эле элди алдоо жүрүп жатат.

Демек, “СуперХайпты” колдонуу үчүн 30 сом эмес, ар бир жума сайын жок дегенде 95 сомдон 125 сомго чейин төлөйсүз.  Ал эми бир ай үчүн 500 сомго чейин төлөгө мажбур болосуз. 500 сом бул соцтармактар үчүн бериле турган 800 гб деп түшүнсөк болот. Андыктан  “Супер Хайп” дегени, атына заты жарашпай.  Бир сөз менен айтканда бул кызматты “О” компаниясынны адистери Мегакомго буттозуу максатында шашылыш ойлоп чыгарышкан.  Чоң компаниялардан минтип оомат качканда, киреше азайганда  каратып туруп элди алдай башташат. Бирок эл алданбайт. Эл деген – сел! Сел бир каптаса, түп орду менен жок болуп кетиши да толук мүмүкүн. Ошондуктан, бир эле сөз:  элдин эмгегин, акчасын алдоо жолу менен жегенден алыс болгула, “Нуртелекомчулар”…

     Урмат КАБЫЛБЕКОВ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here