Эки ай мурун  Трентон Маккинли жол кырсыгынан катуу жаракат алып, эсине келбей , ооруканага түшкөн.  Бул тууралуу  «Экспресс газета» билдирет.

13 жаштагы Америкалык Трентон Маккинли кырсыктан кийин, эки айдан бери комада эсине келе албай жаткан. Дарыгерлер ата-энесине баланын мындай жараат менен жакшы болуп кетишинен үмүттөрү жок экенин айтышып,  эгер анын органдарын донор катары берсеӊер,беш оорулуу баланын өмүрүн сактап каласынар дешкен.

Ата-эне айласыздан макулдугун берип, керектүү кагаздарга кол коюп берген.

Бирок керектүү процедуралар аяктаганга бир күн калганда бала эсине келе баштаган. Ал акырындап жакшы болуп келатат.

Эми аны  кезектеги операция күтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here