Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн батиринен карыган аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты. Куткаруучулар айтылган даректеги үйдүн эшигин кечээ күнү ачышканда, батирдин ичинен 1939-жылы туулган Ш.З.В.нын сөөгү табылган. Сөөк ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Маалыматта ал батир маркумдун батири болгон. Азырынча кары адам эмнеден улам каза тапканы такталууда.