Кыргызстандын парламенти 2018-жылдын 20-апрелинде жаңы премьер-министр катары Кыргызстандын президентинин администрация башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди тандады, ошондой эле анын өкмөтүнүн курамын жана структурасын бекитти. Көп өтпөй президент анын бул кызматка дайындалганы боюнча жарлыкка кол койду.

Республикабыз көз карандысыздыкты алган 27 жыл ичиндеги Кыргызстандын министрлер кабинетинин курамынын эсеби боюнча Абылгазиев юбилейлик 30-өкмөттү жетектөөдө. Ага чейин бул кызматты аркалаган жаш курагы боюнча эң жаш премьер-министр Сапар Исаков бул кызматта жети айдан бир аз ашыгыраак убакыт кармалды жана ал КР Жогорку Кеңешинин анын өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөткөнүнүн негизинде отставкага кетти. Жаңы өкмөт башчынын келгенине байланыштуу кимдер Кыргызстандын премьер-министрлик кызматын ээлегенин, эмне себептен кызматтан кетишкенин жана алар мамлекеттин кайсыл бөлүгүнүн өкүлү болгонун эске салгыбыз келди.

Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы Насирдин Исанов болгон. Ал бул кызматта 1991-жылдын 21-январынан 29-ноябрга чейин иштеген. Кыргызстандын көрүнүктүү саясий ишмери Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылында жарык дүйнөгө келген.

Насирдин Исанов көз карандысыз Кыргызстандын биринчи президенттик шайлоосуна катышкан. Премьер-министрлик кызматта Исанов 311 күн отурган. 1991-жылдын 29-ноябрында трагедиялуу автокырсыктан улам эсине келбей жатып, кайтыш болгон.

Өзүнөн мурдагы өкмөт башчынын трагедиялуу өлүмүнөн кийин Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Андрей Иордан келген. Ал Россияда туулган жана премьерлик кызматта 1991-жылдын 29-ноябрынан тарта 1992-жылдын 10-февралына чейин иштеген. Жаңы премьер дайындалганына байланыштуу кызматтан кеткен.

Иордандын ордуна 1992-жылы Турусбек Чыңгышев келген, ал бул кызматта 1993-жылдын 10-декабрына чейин иштеген. Чыңгышев Нарын облусунун Ташбулак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал «Кумтөр» ири алтын кенин канадалык «Cameco» фирмасына бергени үчүн отставкага кеткен.

Мамлекеттин төртүнчү премьер-министри Алманбет Матубраимов болгон. Ал министрлер кабинетинин башчылыгынын милдетин аткаруу кызматында 1993-жылдын 13-14-декабрь күндөрү гана аркалаганы менен эсте калган. Матубраимов Ош облусунун Өзгөн районунун Кошатер айылында жарык дүйнөгө келген.

Андан кийинки Кыргызстандын премьер-министри Апас Жумагулов болгон. Ал мамлекетибиз көз карандысыздык алганга чейин Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешининин төрагасы кызматын ээлеп келген. Чүй облусунда туулган. Министрлер кабинетинин башчысы кызматында Жумагулов 1993-жылдын 14-декабрынан тарта 1998-жылдын 14-мартына чейин иштеген. Кызматтан өз каалоосу боюнча кеткен.

Кыргызстандын алтынчы премьер-министри Кубанычбек Жумалиев болгон. Ал Аксы районунун Кичи-Ак-Жол айылында туулган. Бул кызматта ал 1998-жылдын 14-мартынан 23-декабрына чейин иштеген. Кызматтан Кыргызстандагы экономикалык кризиске байланыштуу кеткен.

Анын артынан КР өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп Борис Силаев келген, ал бул кызматта 1998-жылдын 23-25-декабрь күндөрү, баш-аягы 3 күн иштеген. Ал Россиянын Приморский крайынын Михайлов районунун Ляличи айылында туулган. Кызматтын Кыргызстандын сегизинчи премьер-министри болуп Жумабек Ибраимов шайланганына байланыштуу кеткен.

Ибраимов министрлер кабинетинин башчылыгы кызматында 1998-жылдын 25-декабрынан 1999-жылдын 4-апрелине чейин, ашказанынан рак оорусу боюнча көз жумганга чейин иштеген. Ал Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында туулган.

Андан кийин Борис Силаев кайрадан мамлекеттин премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп 1998-жылдын 4-апрелинде келген жана ошол эле жылдын 12-апрелине чейин иштеген.

Кыргызстандын онунчу премьер-министри Амангелди Муралиев болгон. Ал 1999-жылдын 12-21 апрель күндөрү КР премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп туруп, андан кийин бул кызматка дайындалып жана 1999-жылдын 21-апрелинен 2000-жылдын 21-декабрына чейин иштеген. Муралиев Чүй облусунун Панфилов районунун Кум-Арык айылында туулган. Бул кызматка Бакиев көрсөтүлгөнүнө байланыштуу отставкага кеткен.

Андан кийин министрлер кабинетинин башчылыгына Курманбек Бакиев келген. Бул кызматта ал 2000-жылдын 21-декабрынан 2002-жылдын 22-майына чейин иштеген. Жалал-Абад облусунун Масадан айылында туулган. Кызматтан бир катар саясий катачылыктары үчүн – Соханын территориясынын бир бөлүгүн Өзбекстанга берүүгө макул болгону жана 2002-жылдагы Аксы трагедиясы үчүн кеткен.

Андан кийин Кыргызстандын премьер-министрлик кызматына Николай Танаев келген. Бул кызматта Танаев 2002-жылдын 22-майынан 2005-жылдын 25-мартына чейин иштеген. Россиянын Пенза облусунда туулган. Ал отставкага кетип атканы боюнча арызды 2005-жылдын 24-мартында оппозиционерлер Бишкектеги өкмөт үйүнүн имаратын басып алгандан кийин бир нече сааттан соң жазган.

2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кийин Курманбек Бакиев кайрадан премьер-министрлик кызматка келген. Бирок бул жолу милдетин аткаруучу болуп. Бул кызматта ал 2005-жылдын 25-мартынан 14-августка чейин иштеген. Андан кийин Кыргызстандын президенти болуп шайланып жана 2010-жылы мамлекеттен качкан.

Кыргызстандын он төртүнчү премьери Феликс Кулов болгон. Ал 2005-жылдын 15-августунан сентябрга чейин министрлер кабинетинин башчысынын милдетин аткаруучу, андан кийин 2005-жылдын сентябрында бул кызматка дайындалган. Кулов премьер катары 2006-жылдын 19-декабрына чейин иштеген. Андан кийин 2006-жылдын 19-декабрынан 2007-жылдын 29-январына чейин кайрадан премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон. Бишкек шаарында төрөлгөн.

Кулов министрлер кабинетинин башчылык кызматында турганда бир нече жаңжалдардын катышуучусу болгон, анын ичинде криминалдык авторитет Рысбек Акматбаев өзүнүн бир тууган иниси, депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө премьердин да катыштыгы бар деп атаган. Андан кийин Бакиев Куловду саясий абалдын курчушуна, ошондой эле бийликтин криминалдашуусунун айланасындагы кеп-сөздөргө айыптаган. Конституциянын кезектеги өзгөрүүсүнөн кийин кайрадан шайлануусуна үмүт артуу менен Куловдун өкмөтү отставкага кеткен. Бирок, парламент премьерлик кызматка Кулов үчүн эки ирет катары менен каршы добушун беришкен.

Куловдун ордуна премьер-министрлик кызматка Азим Исабеков келген. Ал бул кызматта үч ай толук – 2007-жылдын 29-январынан 29-мартына чейин иштеген. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Ал 2007-жылдын 28-мартында өзүнүн өкмөтүндөгү бир нече министрлерди кызматтан кетиргени боюнча билдирип, бирок президент Бакиев тарабынан колдоого алынбай калганынан кийин отставкага кеткен.

Исабековдон кийин өкмөттү Алмазбек Атамбаев жетектеген. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Премьерлик кызматта 2007-жылдын 29-мартынан 28-ноябрына чейин, Бакиев анын отставкасы боюнча билдиргенге чейин иштеген.

Мамлекеттин он сегизинчи премьер-министр Искендербек Айдаралиев болгон. Ал 2007-жылдын 28-ноябрынан 24-декабрына чейин иштеген. Бирок, ал бул кызматта милдетин аткаруучу болуп отурган. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Кызматтан жаңы премьер дайындалганына байланыштуу кеткен.

Игорь Чудинов министрлер кабинетинин башчысы кызматында 2007-жылдын 24-декабрынан 2009-жылдын 21-декабрына чейин иштеген. Бишкек шаарында туулган. Кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Кийинки премьер-министр Данияр Үсөнов болгон. Ал бул кызматта 2009-жылдын 21-декабрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин иштеген. Бишкек шаарында туулган. Кызматтан апрель окуяларына байланыштуу кеткен. Премьер катары болгону 3,5 ай иштеген.

2010-жылдын 7-апрелинде Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн төрайымы болгон. Бул кызматта ал 2010-жылдын 17-декабрына чейин иштеген. Бишкек шаарында туулган. Кызматтан мамлекет президенти болуп шайланганына байланыштуу кеткен.

Төрт жылдан кийин Алмазбек Атамбаев кайрадан Кыргызстандын премьер-министрлик кызматына кайтып келген. Ал кызматта 2010-жылдын 17-декабрынан 2011-жылдын 1-декабрына чейин иштеген. Өкмөт башчылыгынан өлкө башчысы болуп шайланганына байланыштуу кеткен.

Атамбаевдин ордуна премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Ө. Бабанов 2011-жылдын 24-сентябрында келген. Бул кызматта ал 2011-жылдын 14-ноябрына чейин иштеген. 2011-жылдын 24-декабрына чейин Бабанов мамлекеттин премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп ишин уланткан жана 2011-жылдын 24-декабрында гана КР ЖКсы аны премьер-минитсрлик кызматка бекиткен, андан кийин 2012-жылдын 1-сентябрына чейин иштеген. Талас облусунда туулган. Министрлер кабинетинин башчысы болуп турганда ал түрк компаниясынан асыл тукумдуу атты парага алган деп айыпталган. Жыйынтыгында коалиция таркап жана өкмөт автоматтуу түрдө отставкага кеткен.

2012-жылдын 1-сентябрында Бабановдун ордуна Аалы Карашев келген. Ал премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп 2012-жылдын 5-сентябрына чейин иштеген. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айылында туулган. Жаңы премьер дайындалганына байланыштуу кызматтан кеткен.

Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министрлик кызматты 2012-жылдын 5-сентябрынан 2014-жылдын 19-мартына чейин аркалаган. Андан кийин 2014-жылдын 19-26-март күндөрү премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турган. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүнөн финансылык бузуулар чыкканына байланыштуу отставкага кеткен. Оппозициялык депутаттар Сатыбалдиевди коррупцияга айыпташкан, ал парламенттик коалициянын таркашына себеп болгон.

Кийинки премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул кызматта 2014-жылдын 4-апрелинен 2015-жылдын 24-апрелине чейин иштеген. Бишкек шаарында туулган. 2015-жылдын мартында өз каалоосу менен отставкага кеткен. Мындай кадамга баруусуна эксперттердин пикири боюнча башкаруучу коалиция тарабынан «Кумтөр» маселеси боюнча колдоону жоготкондугу болгон.

Темир Сариев мамлекеттин тарыхында жыйырма жетинчи премьер-миинстр болду. Сариев бул кызматта 2015-жылдын 5-ноябрынан 2016-жылдын 11-апрелине чейин иштеген. Сокулук районунун Төш-Булак айылында туулган. Балыкчы-Корумду жолунунун курулушуна байланыштуу тендер боюнча жаңжалдан улам премьерлик кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Мамлекеттин кийинки премьер-министри учурдагы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков болгон. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Министрлер кабинетинин башчылыгын 2016-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 22-августуна чейин аркалаган. Президенттик шайлоого катышканына байланыштуу өкмөт башчылыктан кеткен.

Анын артынан премьер-министрлик кызматка Сапар Исаков дайындалган. Ал бул кызматта 2017-жылдын 26-августунан 2018-жылдын 20-апрелине чейин иштеди. Бишкек шаарында туулган, түбү Нарын облусунан. Кызматтан КР ЖК депутаттарынын анын өкмөтүнө ишеним көрсөтпөөсүнө байланыштуу кеткен. Эксперттер Исаковго карата ишенбөөчүлүк жарыялоо «Liglass», «Huawei» компаниялары менен келишимдин бузулушу жана «Акылдуу шаар» долбоорунун жүзөгө ашуусунун кечеңдеши себеп болду деп белгилешет. Ошондой эле өткөн жылдын кыз мезгилинде Бишкек ТЭЦиндеги авария да себеп болгонун эксперттер кошумчалайт.

http://telegra.ph/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here