Береги кыздардын жоргуна аргасыздан баш чайкайсыӊ. Уяттуу жерин уялбай кызга тиштетип жаткан кыз Айжан Байзакова. Бул кыз казак коомчулугун жинине тийген атактуу «бузуку» кызы болуп саналат.  Аны айрымдар ушинтип айтышат. Анын уят сыйты жок сүрөттөрү, тасмалары байма — бай интернетке чыгып, казак коомчулугу тарабынан дайым катуу талкууга алынып турат. Бирок антсе да андай жоруктарын токтотуп койгон жок. Жакында эле түнкү клубдардын биринде кыздарды акчага дырдай жылаӊач чечинтип, айыпка жыгылган. Ал клбу да жабылган болчу. Ошол учурда да катуу сынга кабылган. Бул сүрөтү менен да ушу тапта  катуу сындарга кабылды.

Бирок кошуна казак кыздарга анчалык сын такпашыбыз керек. Мындай көрүнүштөр биздин кыздардын арасында деле жок эмес. Байзакова түнкү клубда кыздарды чечинткенде, көп өтпөй  биздикилер да аны туурап, жылаӊач чечинтишти. Ал эми чет жерде, түрктөр менен жүргөн кыздарыбызды айтпай эле  коелу. Айткандан да заарканасыӊ. Айтор, санап олтурса, кыргыз-казак кыздарынын арасында мындай адепсиз кыздар көбөйүп бараткансыйт. «Кызга кырк үйдөн тыюу» — деген сөз кыргыз-казакка бирдей эле таасирдүү сөз эле. Эми ал сөздүн да касиети кетип бараткандай. Албетте, мунун баары адамдын өзүнөн.  Деги кыздарыбызга ыйман берсе экен дейличи…

Изат Имакеева

Төмөндө Байзакованын катуу сынга кабылган айрым ачык тасмалары

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here