Качып кетип, бир канча күндөн бери дайынын чыгарбай жаткан депутат Аскар Шадиевге кылмыш ишин Башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков козгогон. Ал эми  УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, улук лейтенант У.Сарматов, анын банктагы бардык эсептерине жана  жана байлык-мүлктөрүн камакка алуу боюнча токтом чыгарды. Ал токтомдо  Шадиевдин Кыргызстандагы баардык банктардагы эсептери камакка алынсын деп жазылган.  Эске салак етсек, бул кылмыш иши Айтматовдун сыйлыгына бөлүнгөн 30 миӊ сомдун уурдалышына байланыштуу . Ал иш-кагазга Шадиев кол койгон. Ал эми береги  баракта Шадиевдин байлыктары эсепсиз экени көрүнүп турат. Мунун баары ак эмгек деп айтууга болбос. Ар кандай жол менен байыганын эле деле билет. Айтмакчы, бул тизмеге кирбей калган да байлык-мүлктөрү бар экенин Шадиевди жакындан билген адамдар да өз маалыматын берсе керек. Эмесе, алдыда тизме дагы толукталат деп күтөлү…

Бул барактагы айрым байлыктары:

«Карвен чытыре сезона» ЖЧКсынын уставдык капиталынын 33,33 пайыздык үлүшү;

— «Бената» ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— «Карвен групп» ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— «Ларел» ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— «Боорсок плюс» ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— «Тип-Топ» ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— «Боорсок плюс» жана «Трейд Инвест» ЖЧКларында 100 пайыздык үлүшү бар жана кошо түптөгөн.

— «Континенталь транс сервис» ЖКЧнын уставдык капиталынын 33,33 пайыздык үлүшү;

— «Аква Инвест плюс» ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— «Аква Инвест» ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— «Союз Инвест» ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

 Мндан тышкары,  Бишкек жана Чүй облусунун аймагында жайгашкан 4 турак жайга, аны менен бирге бир адам жашабаган имаратка ээлик кылышат. Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа бар.  Бул  мүлктүн баары камакка алынганын эске сала кетели.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here