ВИДЕО -Москвада кыргызстандык жубайлар т үлпөт тоюндагы кортежге тик учак менен чыгышып…
Москвада баш кошкон кыргызстандык түгөйлөр үлпөт тоюндагы кортежге тик учак менен чыгышканын ал тойду тасмага тарткан Нургазы Чыныбеков өзүнүн инстаграм баракчасына жайгаштырган Нургазы бул тууралуу: » Чыңгыз деген жигит Бегимай аттуу кызга үйлөнүп, биз тоюн тартып бердик. Үйдөн дос-курбулары менен эки лимузин менен жөнөшкөн. Анан аэродромго барып, эки жаш тик учакка отуруп, абада айланып шаарды көрүп келишти. Анан кайра лимузиндер менен ресторанга бардык«, — деп sputnik.kg ге айтып берген.