Чүй облустук милициясы Аалымдар кеӊешинин төрагасы, белгилүү дин  ишмери Абдышүкүр ажы Нарматовудун үйүнө 3-майдын таӊында уурулар киришкенин маалымдады. Эки ууру адам короосунда токтоп турган машинеден 8 миӊ сом жана документтерди алышкан. Андан кийин үй ичине кирип баратышканда Абдышүкүр Нарматовдун баласы ойгонуп, аларды артынан кууйт. Качып бараткандардын бири аны азырынча  белгисиз болуп жаткан курал менен бутка атып жиберген. Бирок бактыга жараша ок бутунан кыйгап өтүп, жигит оор жаракат алган эмес. Ал медциналык жардам көрсөтүлөгөн соӊ, үйүнө чыгып келген. Белгилей  кетсек, Нарматовдун үйү Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар  айылында жайгашкан. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок азырынча уурлар кармала элек. 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here