Кырсык кечөө, 4 майда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кувакы ашуусунда Mazda автоунаасы бетон тосмону сүзүп, анын кесепетинен 10 жаштагы бала көз жумду. Бул туурасында ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык болгон жерден унанын ичиндеги 10 жашар бала каза болуп, айдоочу ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон өспүрүм айдоочунун баласы. учурда айдоочу эсине келе элек деп айтылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here