Бишкекте жакынкы убактарда ачылып жаткан барбершоптордун биринде ага кирип  VIP-опция үчүн 75 миӊ сом төлөп берген жигит талкууга алынууда.

.Бул чектин  сүрөтүн блогер Майкл Бекмамбетов соцтармакка жүктөгөн.

Блогердин айтымында, 75 миӊ сомдун ичине чач тегиздетүү, эс алдыруучу массаж, маникюр жана педикюр, биокүмүш менен бетке жасалган маска, парафинотерапия жана алтын чаңы менен ысык восктон жасалган маска кирет.

Ошондой эле кардарга унаасы менен айдоочу, жеке официант жана Бишкектин ресторандарынын бирине жеткирүү кызматы да көрсөтүлгөн

Барбершоп — эркектер бара турган сулуулук салону.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here