КСДП Алмазбек Атамбаедин айланасындагы кеп-сөздөргө байланыштуу билдирүү таратты. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кийинки убакта социалдык тармактарда экс-президентти каралагандар көбөйгөнүн, муну атайын «кара пиарчылар» жана «кара ниет технологдор» жасап жатышканын белгилейт. Жолдубаева интернетте тарап жаткан маалыматтардын баарына комментарий берүү орунсуз экенин айтып, бирок акыркы Нариман Түлеевге байланыштуу маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул туурасында: «Сыягы Нариман Түлеев кара ниет технологдордун курмандыгы болуп калды окшойт. Ал өзүнө «кызматташуу тууралуу» жалган маалымат бергендер менен өзү эсептешип алсын. Анткени Алмазбек Атамбаев ага эч кандай кызматташуу сунуш кылган эмес жана сунуш кылбайт дагы»- деп маалымдады. Ошентип буга чейин «Атамбаев мага жалдырап, киши салып жатат» — деген өңдүү сөздөрдү таратып, өзүнө пиар жасап жаткан. Түлеев мыш болду…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here