Эски режим тушунда президенттик аппаратта отуруп алып, негизинен саясий кылмыш иштерине башкы «дирижер» болгон Манас Арабаев боюнча ЖМК өкүлдөрү бир канча фактыларды буга чейин коомчулукка алып чыгышкан.

Тилекке каршы, жогорку жетекчилик тарабынан акыйкаттуу түрдө реакция болбогону көпчүлүктү шектендире баштады. Эмесе, мындан аркы жашообуз кандай болот?

Кайра эле Манас Арабаев Акүйдүн 7-кабатында отуруп алып, сотторду каалагандай башкарып, мыйзамдын алкагында эмес, «телефондук түшүнүктөр» аркылуу чечим чыгара береби?

Ооба да, мындай жагдайда  мамлекетке шек жараткан эргул президенттин аппаратында майкандап жүрсө, өз билгениндей «башкармалык» кылып атса, анан кайдагы адилеттүүлүктүн үмүтү жанат? Эгерде биздин талуу суроолорубузду жалган санашса, анда жооп кайтарып коюшпайбы? Эл күтүүдө.

Эгерде эч кандай реакция болбосо, анда Манас Арабаевге Кудайдын да алы жетпей калганынан кабар бербейби?

Булак: АЗИЯньюс 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here