Бишкекте  интернет аркылуу төшөк кызматын көрсөтүп келишкен  30 студент кыздын бул кылгын Бишкек ШИИББ ачыкка чыгарды. Алар менен балдар да порнографиялык матераилдарды сатуу боюнча кызматашып келген. Ал балдардын бири иш үстүндө милициянын кылтагына илинген.

Маалыматта: Студияда веб-модель болуп иштеген студент  кыздар видеочат аркылуу жылаңач эротикалык же порнографиялык шоу көрсөтүп келишкени, алар үчүн тиешелүү жабдуусу менен атайын бөлмө берилип, интернет аркылуу кардарлардын айтканын аткарып  жана  кызматына жараша акча алып турушканы айтылат.  Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Аталган сойкукананы тинтүүгө алган кезде 16 компьютер, веб камера жана ушул өӊдүү веб камералар табылган. Бул сойкукананы 28 жашатагы жигит уюштурганы белгилүү болуп, ал кармалган.  Бул жерде интернет аркылуу интим көрсөтүшкөн 30га жакын кыз теӊ ЖОЖдордун студенттери экени аныкталган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here