КСДПдан 2009-2010-жылдарда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, кой оозунан чөп албаган момундугу менен «таанылган» Айбек Азыранкулов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Азыранкулов Бакиевдер тактыдан кулатылгандан кийин 2010-2013-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Андан кийин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин да жетектеген.  Бирок иштеген ишинде өзгөчөлөнүп эч кандай демилге, сунуш көтөргөн жан эмес. Эт менен челдин ортосундагы арабөк аткаминер катары белгилүү. Ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы да болот.

Булак:Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here