Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча ишти иликтеген депутаттык комиссия «Электр станциялары»  ААКсынын мурдагы башкы директору Таалайбек Толубаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча башкы прокурорго сунуштама берет. Себеп дегенде,  ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун аягында да гана катышкан ишкананын директору Узак Кыдырбаевдин камакка алынып, ал эми долбоорду баштан-аяк ишке ашырган, дээрлик үч жылга чукул “Электр станциялары” ААКсынын башкы директору болгон Таалайбек Толубаевдин жоопкерчиликтен сыртта калганы туура эмес. Андыктан аны “ак карга” кылып, актап кетүү туура эмес, мыйзамсыз болуп калаары айтылууда.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here