Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек МатРайымовдун экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы 2-май күнү саат 10:00дө Биринчи май райондук сотунда каралып, 10-майна жылып калды.  МатРайымов арызында аны кызматынан алуу боюнча Исаковдун «анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт» деп негиздеген буйругун «мыйзамсыз» деп табууну жана «кызмат ордун кайра калыбына келтирүүнү» өтүнгөн. Бул «Райым миллион» жеткен жыгылган адамды тебелеген неме окшойт. Акыйкаттык издеген болсо, Исаков бийликте турганда сотко берип актыгын далилдесе болмок. Анан Сапар мырзанын башына кара булут айланып, кызматтан кеткенде кыйкырып чыкпай. Арты таза эмес, баскан изи мандемдүү үчүн чээнде жатты да кылтыйып… Эми түштөн кийин «кыз боозуп энесин коркутат» болбой. Миң актанса дагы, буга окшогон хамелеонду бийликке жолотпош керек… Сыягы президенттин айланасындагы айрым таасирдүү адамдар «сот аркылуу акталып кел, анан кызматка коёбуз, анан бизге «көнгөн кызматыңды» көрсөтөсүң» деген окшойт… Шымаланып калганына караганда…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here