Бишкектеги Свердлов райондук соту 23 жаштагы Айжанга (Т.к.А., ысымы өзгөртүлдү) жана тез арадагы келишим менен аскердик кызмат өтөөгө чакырылган 25 жаштагы Бектурга (С.Б.С., ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды.
Соттун токтомундагы маалымат боюнча, 2016-жылдын январь айынан тарта Айжан менен Тимур (Т.Т., ысымы өзгөртүлдү) жарандык никеде жашашкан. Никесин кийинчерээк мыйзамдаштырууну пландаган жаштар Көк-Жар конушунда ижарага алган батирде турушкан. Тимур 2016-жылдын 27-июлунда оюн-зоок борборунун курулушунда иштеп баштап, 29-июль күнү кырсыктаган. Жумуш учурунда анын башына оор буюм түшүп кеткендиктен оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган болчу.
Буга карабастан 2016-жылдын 17-августунда Тимур менен Айжандын арызынын негизинде Бишкек шаарындагы нике каттоо ордосунда аталган жарандарга нике тууралуу күбөлүк берилген. Бирок Айжан менен Бектур алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча Тимурдун паспорту менен нике каттоо ордосуна келишкен. Жыйынтыгында Тимур менен Айжандын никеси катталып, бирок Тимур өзү бул процесске катышкан эмес.
Ал эми Бектур өзүн Тимур деп тааныштырып (экөөнүн сырткы келбети окшош болгон), расмий документке анын ордуна кол койгон.
Жыйынтыгында сот Бектурду күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагына 5 жылга эркиндигинен ажыратты. Сот жазаны шарттуу түрдө деп, 1 жылдык сыноо мөөнөтүн белгилеген.
Ошондой эле Айжан да 5 жылга аялдардын абагына кесилди. Сот жаза өтөө мөөнөтүн анын кичүү баласы 14 жашка чыкканга чейин жылдырган.
Булак:www.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here