Бүгүн премьер-министр Абылгазиев Динара Молдошеваны  өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Белгилүү  болгондой Динара Молдошева качкын президент Курманбек Бакиевдин «Ак жол» партиясынан  2007-2010-жылдарда Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ал ошол депутат болуп турган кезде бийликти  ашыкча коргогон, көп сүйлөгөн депутаттардын бири болгон. 2011-жылы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары кызматында иштеген. 2011-2012-жылдарды өкмөттүн парламенттеги өкүлү да болгон. Ал эми 2014-жылы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here