Карт саясатчы Феликс Кулов Азис Батукаевдин экс- президент Атамбаевдин макулдугу менен ИИМдин  мурунку министри жана  күч тармактарын көзөмөлдөгөн  мурунку вице премьер Шамил Атаханов Кыргызстандагы түрмөдөн чыгарып, өз мекенине узаткандыгын  «Жаӊы Ордого» берген маегинде айткан. Чынында Батукаев Кыргызстандан кызыл килем төшөлүп узатылган кезде эле мындай кептер айтылган. Бирок Кулов ал кезде азыркыдай баса белгилеп айткан эмес. Куловдун айтымында бул тууралуу Атамбаев ага өзү айтып бериптир.

Эске сала кетсек, Куловдун Батукаев менен мамилеси болгондугу да айтылып келет. Анткени, Батукаев Кыргызстандын түрмөсүн кармап турган кезде, Кулов түрмөдө олтурган. Эми бул жагы түшүнүктүү. Кулов болсо бул маселени адатынча четке кага берет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here