Бишкекте жаш активисттер жашы 26га толо эле кыздарды чет мамлекеттерге чыгарбоо боюнча демилге көтөрүп чыгышты. Албетте, бул маселе акыркы күндөрү мезгилдин, жалпы коомдун талабына айланып баратат. Эмнеге дегенде, окууну жаңы бүткөн кыздарыбыз жумуш издеп, көбүнчө Россияга, Түркияга кетип, ал жактан көбү өз ордун таба албай, ар кандай жаман окуяларга туш болуп жатат. Андыктан, бул маселеге Жогорку Кеңеш көңүл бурушу керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here