Коомчулукта айтылып жаткан сындарды саналуу гана депутаттар моюндашууда. Мисалы Рыскелди Момбеков Парламент өлкөнү башкарбай эле, бирөөнүн буйругун аткарган “добуш берүүчү машинага” айланып калганын айтып чыкты. Ушундай эле пикирин депутат Чыныбай Турсунбеков дагы ачыктады. Ал эми эптеп ЖКдагы креслого көчүк баскандар акыр аягына чейин иштешибиз керек деп тырышууда. Алардын катарында коммунист болуп жүрүп, бизнесмендердин партиясы “Өнүгүү-Прогресске” секирип, учурда депутат болуп отурган Исхак Масалиев дагы бар. Ал соцтармактагы баракчасына : “Мына эми достор, Өкмөттүн жаш башчысы кетти, жаңы адам дайындалды. ФБ көпчүлүк сын-пикирлер ишке ашты. Бирок, ФБ баракчада тынчтык жок. Мактоолор көбөйүүдө. Менин байкоом боюнча кезек депутаттарга келди, ушуларды “тепкилеш” башталды! Эмнеге? Биринчиден  жарандарга бир топ кесиптештеримдин сапаттары жакпайт. Экинчиден АШАнын, Сапардын таарынычтары бар, алар да салымын кошушат. Үчүнчүдөн айрым Жогорку Кеңешке өтпөгөн саясатчылар нааразы. Ошентип, бүгүнтөн баштап Жогорку Кеңешти таратабыз деген кыймыл күчөйт. Ошондой болгондо жаңы курамына ТАТЫКТУУ инсандар келет деп ким кепилдик берет? Эч ким! Депутаттарды негиздүү сындап иштетиш керек. 2020-жылдагы шайлоого даярданып, бүгүн аракеттерди баштагыла! Андай аракет жасабасак келээрки ЖКга байлар келишет. Бул турган иш. Кайран элибиз… Элдин камын ойлогон коммунисттерди бийликтен айдап, жыргап калдыңар окшойт достор!?”, -деп жазып чыкты.

Бул жерде, депутат чындыкты айтып келатып, бирок креслосун да сактап калууга жандалбастап жатканын ачыктап коюптур. Алсак, учурда депутаттарга болгон коомдун мамилеси кескин өзгөрдү. Саясат айдыңындагы акыркы кадрдык алмашууларга байланышкан окуялардан кийин коомчулукта депутаттар өз ордун билбей кулга айланып калганы, андыктан аларды тез арада таратуу маселеси көтөрүлүүдө. Себеби, кыргыз эли бир үй-бүлөнүн “чөнтөк” Парламенттин кесепетинен өлкө кандай абалга кептелерин Аскар Акаев менен канкор Курманбек Бакиевдин тушунда башынан өткөрдү. Мындан улам, таза жана так иштеп жаткан кадрларды мамлекеттик кызматтардан кууп жаткан бийликке жана депутаттарга ким нааразы болбосун? Айрыкча, коррупциянын алдын алуу үчүн ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга бел байлаган Сапар Исаковдун Өкмөтүн отставкага кетирүү “операциясынан” кийин элдин кыжыры кайнап баштаганы кашкайган чындык. Андыктан депутат И.Масалиевдин “2020-жылдагы шайлоого даярданып, бүгүн аракеттерди баштагыла! Кандай аракет жасабасак келээрки ЖКга байлар келишет”,-деген кеби креслодон көчүгү тайышын каалабай турганын айтып жатпайбы. Кыскасын айтканда эл арасындагы “Парламент  тарасын” деген сөздөр депутаттардын түн уйкусун бузуп жатыптыр…

    Мурат   МУСАКЕЕВ

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here