Бу турмуш деген кыбырап, зымырап өтө берет экен, бирөөнө араба менен бараткандай болсо, бирөөнө самолет менен учкандай… Кеп кандай ылдамдыкта өткөнүндөь эмес, кеп ошол турмуш кандай мазмунда өткөндгүгүндө. Сөздү чойбой, «биздин турмуш эмне мазмунда өтүп атат?» деп акырын суроо салып, анан акырын жооп издесек, анда турмушубуздун жакшы эмес мааниде өтүп жатканына күбө болобуз. Дүйнөнү жайына коюп, кыргыз турмушун айталы… О соолгурдуку, биздин кыргыз турмушунда чалмекей чалынып, адам жегис ботколор бышып, «кимди ким көрдү, озунганы алды» маанисинде байлыгыбыз таланып, кызматы барлардын бири калбай малга, айбанга  айланып, көзүнө көрүнгөндү кайсап, жалмап  жатканы… Адамдык, ыйман, тобо келтирип, топук кылуу дегендер тебелендиде калды… Күндө төбө чачты тик тургузган окуялар, көрүнүштөр. Азын санайлы, аз мурун Генералдык прокуратуранын бир башкармалыгынын башчысы Чалбаев деген неме 200 миӊ (!) доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Э балээ жеп калгыр, ошончо да жейби. Тамагыӊа тыгылгыр! Эми ал тарап былгып бүткөн да. ИИМ, Сот тармагы, ошол прокуратура болуп пара алуу боюнча алдына эч кимди салбай калган кези. Бул «кыймыл» ал тарапта таптакыр токтобойт! Ошол үч тармакты түп тамырынан бери жоготуп, башка адамдар менен алмаштырмайын иш оӊолбойт! Практикалык жактан антүүгө мүмкүн эмес. Демек, ал тараптагы коррупциялык иштердин токтолушу да мүмкүн эмес! Жанагы кара башын жеген Чалбаевдей немелер элди эл деп санабай, катын-балдарына чейин көөп жашап жүрүшпөйбү. Алардын кабат-кабат үйлөрү, ресторандары, кафелери, пансионаттары бар,  катындары бир машина, баласы бир машина, кызы да, ойноӊу да бир машина  минет, ресторандарда чардашат, курорттордо күнгө кактанат…  Алар бел ийип, тер төгүп нан табыларын, каражат табыларын билбейт, билгиси да келбейт. Ошентип жашагандар бу турмушта батпай кетти. Иттики, аларды кырып салчу бир күч жок!

Ооба, кызматта олтургандар массалык түрдө жеп-жуткан заманда жашап жатабыз…

Дыйкан өзү менен өзү алек

Жакында айылыма барып келдим. Көчөдө бош баскан адам жок, баары эле түмөн түйшүк менен жүрөт, тытынып жер иштетип жатышат. Мамлекет тараптан кенедей да жардам жок, трактир издеген да өздөрү, тырмак издеген да өздөрү, семирткич издегени да өздөрү… Жер айдатууга биринде акча болсо, экинчисинде жок. Анан ак уруп көрүнгөндөн сурап жүргөнү. Ал эми Чалбаевдей коррупционерлер акчага көмүлүп жатканы!

Айыл чарба минитстрлигинде болсо кабинеттерде олутуруп алып, «баланча жер айдалды, түкүнчө эгин эгилди» деп отчет берип жатат. Ушул министрликти жоюп салса, анан алардын айлыктарын дыйкандарга жардамга бөлүп сообуна калбайбы да?!

Эй, тилеги жаман, чеч алдагы кара калпагыӊды!

Кийинки күндөрү кара калпак кийген немелер көбөйүп жатат. Түшүнгөн адамга бул эӊ жаман көрүнүш. Калпак дегендин өзү «ак» деген сөз менен бир өзөктөн чыккандай жашайт, ошон үчүн «ак калпак» деп эгиз айтылат. Ак болгону үчүн калпак! Анан «кара калпак» деген баш кийим жок. Өлгөндө аялдар кара кийинип, башына кара жоолук салынат, ал эми эркектер кара калпак кийбейт, кийген да эмес. Бул жосунсуз жорук кайсы тилеги ташка тийгендин оӊсуз оюна келди болду экен?! Кара калпак кийүү-ак калпакка сокку уруу менен барабар; кара калпак кийүү-жамандыкты, өлүмдү чакырган менен барабар; кара калпак кийүү-жаманчылыкты көксөө менен барабар! Андыктан, «кара калпакчандар», ошол калпагыӊарды баштан алып ыргыткыла, жок, түз эле отко салгыла! Жаман жорукту баштап, ансыз деле карарып бараткан турмуштун ого бетер ышпалдасын чыгарбагыла! Ак калпак кыргызды кыргыз экенин дааналап турган символдордун бири, ал ыйык. Ыйык нерсени «каралоого» жол жок!

Көчөт тиккенден чыккан шүмүр иш!

Аз күн мурун телевизордон айтып жатат:  кайсы бир сорттогу көчөттөрдү Европа тараптан 9,5 миӊ сомдон алып келишиптир. Мына сага, элдин каражатын талаага чачуу деп ушуну айт! Эми талаага чачуу жөн эле айтылды, муну бир нерседен өөнөп туруп жеп алуу деп түшүнүшүбүз керек. Баасына караганда бу көчөттөр алтындан же күмүштөн мөмө берет болуш керек же болосо, жомоктогудай жегенди түбөлүк жашартчу мөмө береби?! Буга жооп берчү Бишкек шаарынын мэриясында, болбосо, ошого караштуу ишканаларда эмгектенген немелер жоопту кайдан бермек, «ал баа туура эле, аны кеӊешип алганбыз, баланча-түкүнчө…» деген жообу даяр да… Эй,шүмшүктөр, башка жерде, башка климатта өстүрүлгөн көчөт сенин жериӊе жакшы өсүп бербейт. Европа жакта эки күндүн биринде күн бүркөк, жаан-чачын болуп турат. А бизде болсо, дээрдик көпчүлүк убакта күн чайыттай    ачык. Айырма чоӊ. Андыктан бүркөк жерде өскөн көчөт, бизде жакшы өсүп бербейт!

Бишкекте жолду оӊойбуз деген шылтоо менен сонун өсүп турган дарактар чексиз кыйылып, бирөөлөрдүн чөнтөгүн толтуруп жатат. «Кыйылгандардын ордуна бак тигилип жатат» деп мэрия тарап токепейил тартат. Ал тигилгендердин баары өсүп береби менен деле иши жок. Экинчиден, жаӊы тигилген бак кыйылгандын ордун басыш үчүн 15-20 жыл керек.

Илгери, жанагы камакта жаткан Талгарбековдун тушунда болсо керек, Австралиядан оӊбогондой баага кочкор сатып келишкен, койлордун тукумун жакшыртабыз деп. Жакшырбай жамыран калсын, алардын баары кой куумак турсун, кара жанын карай албай кырылып берди. Орто жерде акча жегендер эми деле тирүү! Алар ошол кочкорлор менен кошо кырылып кетиш керек эле…

    Өрттөп салам!

Ош базарында байма-бай эле өрт чыгып кээ бир соодагерлердин сазайын окутуп жатканы. Өрткө туш болгон соодагердин баары эле кыйын абалда калбай, алардын кээ бири ошол өрттөн кандайдыр бир пайда табууну көздөп жатканы да айтылып жатат.  Анан дагы өрттү бирөөлөр коюп жатканы да  эл оозунда. Андай болушу да да толук мүмкүн. Анткени, азыркы адамдардан баарын күтө бер. Бүгүнкү күнү бирөөнөн жакшылык күтпө, жамандык күт… Ушундай «өрттүү» трагедия!

     Четтиктер бизди окутат экен…

Бизде чет жерден чыккан түрдүү акылды, жосундарды, ыкмаларды, жолдорду баса калып, өзүбүздүн турмушка колдонуп жиберген адат пайда болду. Ошол чет элдиктер бизге баарын-баарын үйрөтүп жатат: карагат тиккенди, алма тиккенди, кой бакканды, уй бакканды… анан бала бакканды да… Э айланайын, баарына макул элек, анан бала бакканды үйрөтькөнүнө күйүп кетет экенсиӊ! Эй, келесоолор, эй кемчонтойлор, кыргыз деген жер каймактагандан баланы мыкты багып келген, бала-чакасын бөпөлөп, күйүүмдүү кылып, эл-жерин бекем сүйгөндө тарбиялап келген. Ошондон улам кыргыз баласы ата-энесин таштаган эмес, эл-жерин таштаган эмес. А чет элдики болсо, ата-энесин бир карап койбойт. Анан ошол чет элдиктер бизге бала бакканды, тарбиялаганды үйрөнткөндүн ордуна, уялбай-этпей эле өздөрү бизден үйрөнсүн! Ошол чет элдиктер үйрөтүп жатканы: балдардын укугун коргош керек экен, аларды ата-энеси урушса, же какыс-кукус кылса, сотко чейин арызданууга укугу бар экен! Урдук ошондой укукту! Ата-эне деген баласын урушат, кээси менен какыс-кукус кылып коет. Ал дагы тарбиянын бир үзүмү, жараткан берген үзүмү.

Чет элдин бизге жат жашоо-турмушун үйрөтөбүз деп ошол чет элден акча алып жыргап жаткан катын –калачтарды тескеген бир жан жок. Андыктан алар билген намазын окуп жатат, билбеген намазын да окуп жиберишет. Мына ошолорду тескеген өкмөттүк уюм жок.

«Андай бас, мындай бас, антпе, тигинтпе» деген четтин көрсөтмөлөрүнөн баш адашат. Эми өз дээрибизден чыккан эч иш жасабай эле четтин садага катары берген акчасын алып,  тамак-самагынан жеп, шилекейди агызып, чычып-сийип коюп, маӊкурттун кебетесин кийип  жата берерибиз эле калды…

    Баратбай Аракеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here