Сапар Исаковдун өкмөтүн кызматтан кетирген Жогорку Кеңеш эртеси эле 20-апрелде премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абулгазиевдин «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын,  ал сунуштаган өкмөттүн курамын колдоп берди. Бир түндө куралган өкмөттүн жаңы курамына Жогорку Кеңештин депутаттарынын да, коомчулуктун дагы көңүлү толгон жок. Шашылыш болгондуктанбы же президенттин басымы менен ишке ашкандыктанбы, баягы эле эски жүздөр келди. Өкүнүчтүүсү, куйругунда калбыры бар, баскан изи мандемдүү катары кылмыш иши козголгон шектүүлөр да министр болуп келишкени элдин көңүлүн кайт кылып койду. Мындан улам, коомдук-саясий ишмерлер «мурдагыдан да алсыз, реформа жасоого жараксыз, өкмөт түзүлдү» дешип сынга алышты.

Өкмөт башына келген Мухаммедкалый Абулгазиев жаңы өкмөт артыкчылык бере турган багыт катары экономикага өзгөчө көңүл бурулуп, улуттук бизнес чөйрөсү менен инвесторлого жагымдуу шарт түзүлөөрүн, бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү зарылдыгын баса белгиледи. Демек, эми адам укуктарын коргогон Акыйкатчы институндай эле бизнести коргогон бизнес-акыйкатчы институту  түзүлүп калышы мүмкүн. Арийне, «жаңы ачылыш» катары демилгеленгени турган институттун зырылчылыгы канчалык натыйжалуу экенин мезгил таразалайт деңизчи, биз азырынча өкмөттүн курамын таразага салып көрөлү…

​         Жаңы өкмөттүн курамы 22 кишиден турат, анын төртөө аялдар. Жаңы команда делген менен теңинен көбү Сапар Исаковдун учурундагылар, калганы ага чейин ар кайсы кызматты аркалап келишкен эски койдун көзүндөй болгон жүздөр. Ошол себептен, КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков: «Эркелеп кеткен балдардын өкмөтү эртелеп кетти,  эми чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келди.  «Жаңы өкмөт» деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң «б\у өкмөт» келиптир. Мага азыркы жаңы өкмөттүн курамы да, курагы да купулума толгон жок. Талапкерлердин көбүнүн буга чейинки жумуштары анчейин алкоого арзыбайт» деп, кашкайган чындыкты ташка тамга баскандай айтып, жаңы курамды «эски өкмөт» экенин айтып сынга алды. Ырасында, Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин, баарысы иштен кетиши керек эле. Бул жерде саясий оюн болуп, Исаков иштен кетип, көпчүлүк өкмөт мүчөлөрү калып калды. Бул жагдай мыйзам чегинен алганда да, моралдык ракурстан караганда дагы акылга сыйбайт…

Албетте, премьер-министр Абулгазиевге мамлекеттик кызматта жетишээрлик тажрыйба топтоду, экономиканы түшүнөт, конфликттен алыс жетекчи, президент менен ымаласы жакшы, ортодо ишеним бар делип артыкчылык берилип, чыңалган саясий абалды жөндөп кеткенге мүмкүнчүлүгү жетет деген ишеним артылып жатат. Бирок айрым саясатта жүргөн коомдук ишмерлер мындай жүйөгө макул эмес. Маселен, «Азаттыкка» мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев: «Күчтүү команда чогулду деп айта албайм. Абулгазиевди деле премьер-министрлик кызматка толук ылайыктуу деп эсептебейт элем. Ошондуктан мен бул өкмөттү жөн гана компромисттик вариант деп айта алам», деген баасын берсе,  Равшан Жээнбеков: «Биз билген нерселер кайта кайталана баштады. Президент Атамбаев деле парламентти өзүнө менчиктеп алган. Парламент толугу менен президенттик администрациянын айтканын гана аткарчу. Азыр деле ошол нерсе башталды. Бул биринчи көрүнүш. Экинчиден, президент Атамбаев өкмөттү өзүм башкарам, өкмөттөгү кадрларды өзүм чечем деп, өз администрациясынын башчысын премьер-министр кылчу. Азыр да ошол көрүнүш башталып жатат. Эгер ушул көрүнүштөрдү эске ала турган болсок, анда биз күткөн үмүттөр акталган жок. Мындан тышкары, мурдагыдан да алсыз өкмөт түзүлдү. Реформа жасоого жараксыз, ал колдорунан келбей турган адамдар келди», деп реформатор өкмөт түзүлсө болмок деген оюн ортого салды.

Биринчи вице-премьер министрлик кызматка 2010-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп келген Кубатбек Боронов келди. Депутаттар биринчи вице экономика менен алек болоорун айтышып, кесиби куруучу Боронов бул тармакты кантип тартып кетет деп тынчсыздангандарын жашырышкан жок. Ал эми буга чейинки Аскар Шадиев болсо учурда коррупцияга шектелип, сурак берип жатат. Эми Боронов иштей албаса да ичип-жебей, Шадиев баткан сазга батпаса экен деп тилейли…

Ал эми дароо үлкөн кызматка секирген 43 жаштагы вице-премьер министр Замирбек Аскаров Ош шаарынын вице-мэри кызматын аркалап келген. Ага дейре Ноокат районунун акими болгон. Тажрыйбасы аз, кесиби географ. Бул жигит «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун аркасы менен кол жеткис кызматка конуп отурат. Кызылдай соодалашуу жүргөнүн ушундан билсе болот.

Дагы бир вице-премьер министр Жеңиш Разаков Баткен ички иштер башкармасынын жетекчиси, Баткен облусунун губернатору, президенттин кеңешчиси, коопсуздук кеңешинин катчысы, 2016-2017-жылы вице-премьер министр болуп иштеген. Албетте, тажрыйбасы бар. Бирок жогорудагы кызматтарды аркалап турганда эч бир ийгилиги менен өзгөчөлөнгөн эмес. Катардагы көптүн бири.

Вице-премьер министрлердин дагы бири Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты, вице-спикер болчу. Билимдүү, өз ишин билген тың, мамлекеттик иште тажрыйбасы да бар. Эмне иш кылганы белгисиз, бир келгени, бир кеткени менен гана эсте калган буга чейинки вице-премьер министр Чолпон Султанбековадан айырмаланып турат. Кандай иштейт, аны жакынкы мезгил көрсөтөт.

Мухаммедкалый Абулгазиевдин колуна-кол, бутуна-бут болчу негизги орун басарларынын таржымалы ушундай. Ал эми министрлеринин көбү «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» деген абалда. Колго илингени, чеке жылытчусу дээрлик жокко эсе. Мына Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди Жогорку Кеңештин депутаттары иштей албай жатат деп талап коюп жатып иштен алдырышты эле, эми анын ордуна келген министр Космосбек Чолпонбаев – дары бизнести көзөмөлдөгөн фармацевт.  Аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей, мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды Кыргызстанга киргизген деген шек менен камалып, кылмыш иши козголгонун эл өкүлдөрү каңкуулашты.  Кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар делип айтылып жүрчү Жогорку Кеңештин депутаты маркум Улан Чолпонбаевдин тууганы болот.

Дагы бир Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси болгон Бакыт Шаршембиев боюнча дагы көп суроолор бар. Бакыт мырза буга чейин да азыркы кызматты жетектеген. Бирок ишинен ызы-чуу менен алынып, кылмыш иши да козголгон. Эл өкүлдөрү Шаршембиевге карата үч кылмыш иши козголгонун, иштен алуу жана жоопкерчилигин кароо боюнча Жогорку Кеңештин токтому дагы бар экенин эске салышты. Бирок премьер-министр Абулгазиев Шаршембиевди мыкты кызматкер катары сыпаттап, коргоого алды. Кудум эле мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков камакта жаткан «Энергохолдингдин» башчысы Айбек Калиевди мактагандай…

Ички иштер министри болуп кайрадан Кашкар Жунушалиев келди. Ал буга дейре министр болгон. Бирок кызынын фирмасына козголгон кылмыш ишине байланыштуу чырдан төбөсү көрүнүп иштен кеткен. Эми айланып эски ордуна келди. Албетте, иштен кеткен министр Улан Исраиловго караганда өз ишин мыкты билет, тажрыйбалуу. Айтмакчы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күч тармагындагы акыркы кадры Исраилов иштен алынып отурат. Чындыгында коомдо Исраиловдун дарегине жакшы пикир айтылган жок. Эми Кашкар мырза андан айырмаланып, натыйжа көрсөтөбү же мурдагыдай чырдуу жерден кулагы чыгабы, аны убакыт көргөзөт.

Ал эми мугалимдер канча айлык алаарын билбей уят болгон билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева буга чейин сөгүш алганына, иштей албай жатканы боюнча коомчулуктун, парламенттин сынына карабастан кайрадан министр болду. Ушул кезге чейин жыргатпаган, мындан кийин кыйратат дегенге кепилдик жок. Айтор, ордун сактап калды.

Иштен кетчүлөрдүн катарында турган, дал эле Кудайбердиевадай болуп илең-салаң эт эмес же чел эмес абалда бар-жогу билинбей жүргөн эмгек жана социалдык өнүгүү  министри Таалайкүл Исакунова да ордунда калды.

Убагында сын-пикир, нааразычылыктар менен иштен кеткен, эл өкүлү айтмакчы парламентте кулагына «наушник» кийип отургандан бөлөк иши менен таанылбаган мурдагы вице-премьер министр Олег Панкратов экономика министри болуп келди. Бул министрликти мурда дагы жетектеген. Кыргызстандын Бажы союзуна даярдыксыз кирип калышына дал ушул Панкратовдун түздөн-түз күнөөсү бар. Мындай алешемдиктин кесепетинен Кыргызстан жакшы эле жабыр тартты. Баса, иштен кеткен 30 жаштагы жаш министр Артем Новиков деле жыргаткан эмес. Коомдо болсо Экономика министрлиги орус улутундагыларга менчиктештирилип берилгенби же Россияга болгон жасакерленүүбү деген талкуулар жүрүүдө.

Кыскасы, Кыргызстан эгемендик алган 27 жыл ичинде баш-аягы 30 өкмөт алмашты. Тилекке каршы, кеткен өкмөттөн сабак алгандын ордуна, жаңылыш изди басуу өнөкөтү токтогон жок. Бул жагдайды жаңы өкмөттүн курамы айгинелеп турат. Кызыгы, Кыргызстандын тарыхында ишенбестик көрсөтүү жолу менен кызматтан кеткен Исаковдун өкмөтүнүн отчетун Мухаммедкалый Абулгазиев кантип өткөрөт?  Дубалайбы? Сапар Исаковго ишенбестик көрсөтүп, отчётун кабыл албай отставкага кетирип жиберген Жогорку Кеңеш, анан кайра эле кеткен өкмөттүн отчетун мыкты деп табышса эл эмне дейт?  Андай болсо Исаковдун «Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланды» деп айтканы далилденеби? Ит эле болушат го…

 Болот Курч

Буклак:Фабула.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here