• Бижутерияңыз узакка сакталсын десеңиз, түссүз лак менен боёп коюңуз. Мында өңү гана ачылбастан, майда деталдары да бекемделет.
  • Эндикти сүйкөөрдөн мурун ага өзүнүн өңүнө окшош тенди же түссүз упаны сээп койсоңуз, эндик оозуңузда көпкө чейин өчпөй сакталат.
  • Кулпунайдын кесимин тиш щёткасына коюп тишиңизди жакшылап жышысаңыз, тишиңиз укмуштуудай агарып чыгат.
  • Эскирип калган тениңизди ыргытпай, ага түссүз лак кошуп аралаштырсаңыз, жаңы өзгөчө өңдөгү лак жаралат.
  • Күмүш идиштерди тазалоодо 1 литр сууга 1 аш кашык туз жана жумуртканын сыртын кайнатып, күмүш идиштерди салып койсоӊуз агарып жалтырап чыгат.
  • Чайнектин ичиндеги суунун кайнаган катмарларын кетирүү үчүн чайнектеги сууга ашкана содасын жана бир аш кашык уксусту кошуп кайнатсаӊыз катмарлар кетет.
  • Эт туурагычтан катуураак этти өткөрүү кыйынга турса, эт туурагычтын ичине өсүмдүк майынан 2 -3 кашык куюп койсо,кыйынчылык жаратпайт.

    -Ачык банкадагы томат пастасынын үстүнө бир аз туздан сээп, өсүмдүк майынан куюп койсо, бузулбай көпкө сакталат.
    — Ар дайым өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

  • Майлуу тамактарды азыраак жеңиз. Себеби организм майлуу тамактарды 5-7 саатта гана сиңирет, бул аралыкта ыңгайсыздык жана жагымсыздык алып келет.
  • Саат 5тен кийин тамак жебегенге аракет кылыңыз.
  • Бышырылып, даярдалган помидор чийки помидорго караганда дарылык касиети жогору болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here