Генпрокурор Индира Жолдубаеванын, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана ал кызматтын бакандай эки кызматкеринин кызматтан алынышын «Жээнбеков Атамбаевге каршы ишин баштады» деп билермандык кылып жиберишти. Ооба, аталган кызматкерлер Алмазбек Атамбаевдин кадрлары болчу. Алар өз кызматтарында жаман иштеген жок, далай айтылган да, айтылбаган да иштерди бүтүрүштү. Алар ээлеген кызматтарына түбөлүк шайланган эмес да… Эми ИИМ министри кызматтан кетет, ал да Атамбаевдин кадры болчу. Атамбаев кеткенден кийин ал да кызматын ташташы керек. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш… Кылар иши жок «кычышкан саясатчылар» мындан бир балээни издеп жатышы алардын табияты да деп  эркелете карап коёлу… Дагы да Атамбаевдин далай кадрлары кызматынан кол жууйт. Бул-мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ар бир президент кызматына келеээри менен өз командасын түзөт, өзү жактырган кызматтарга мурун көрүп-билип жүргөн, жакшы мамилелеш болуп жүргөн, ушул сонун иштеп кете алат деген жана да ишенген, таза деген сыпаттамасы бар   адамдарын орчун кызматтарга коёт. Мындай дүйнөлүк практикада  мыйзамга каршы келбейт. Жээнбеков да өз командасын түзүп жатат. Экинчиден, Жээнбеков кызматка келгенде: «Мен Атамбаевдин кадрларына тийбейм, мен Атамбаев айткан жол менен гана  кадам шилтейм, мен анын сөзүнөн чыкпайм» деп ант берген эмес да. Ал эл үчүн таза иштеп берем деп сөз берген. Эми ошол убадасынын өтөөсүнө чыгыш үчүн бар аракетин кыла баштады.

Ооба, мурунку жана кийинки президенттердин мамилеси мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир жерден тоголушу керек. Башка жол жок. Жаңы шайланган президент мамлекетинин башында туруп, анын экономикасынын көтөрүлүшүнө, элинин социалдык абалынын оңолушуна, маданиятынын  өнүгүшүнө, башка мамлекететтер менен жакшы алакада болушуна кам көрөт, мамлекетиндеги стабилдүүлүктү сактоо чараларын көрөт. Президенттин милдети ушул. Ал эми экс-президент ошол атка ылайык шартталган мыйзам чегинде жашайт, ошол укугунан пайдаланат, жаңы президенттин чечимдерин карандай эле ревизиялай албайт, анын ишине киришпейт. Бирок, мамлекеттин ар бир атуулундай  эле каалоолорун айтып турууга укугу бар. Атамбаевген келе турган болсок, партиясынын сьездинде Бишкек жылуулук борборундагы ишке Сооронбай Жээнбековдун да тийешеси бар дегендей айтып, туура эмес сүйлөп алды. Жээнбеков болсо ага комментарий берген жок. Ал туура кылды. Мындай майда-барат кайым айтышуулар боло берет. Мейли экөөнүн мамилеси жаман нукка өтсүн, бири-бири менен бет карашпай калсын, негизи мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн бир пикирде болсо болгону.

Атамбаев президент болуп алты жыл иштеп берди. Ошол алты жыл ал үчүн оңой болуп берген жок, түмөн түйшүктүү болду. Түйшүктүү иште жаза басуулар, жаңылуулар аябагандай көп болот. Атамбаевдики  аз эмес болду. Ал кадр саясатында көп жаңылды: мурунку жан сакчыларын чоң кызматтарга койду, шоопурун «оң колу» кылып алды, жөнсүздөрдүн бир катарын жөндүү кызматтарга көтөрдү дегендей… Бирок, анын «минустарын» «плюстары» жеңип турду. Ал мурунку үч президентке караганда тууган-туушкандарын бийликке аралаштырган жок,  коррупцияга катуу согуш ачты, кудайды карабаган далай коррупционерлер түрмөгө камалды, жегендерин «кусуп» турушту! Бирок, ал иштин аягына чыга албай калды. Анткени, коррупция ушунчалык чырмап, турмуштун өзү болуп  алгандыктан, президенттигинин алты жылдык мөөнөтү ал күрөштүн өтөөсүнө жетпей калды!

Атамбаев «мен» дегени күчтүү өнүккөн жан. Андыктан ал өз билгенин бербеген инсан. Анан ошол жан президент болуп кызмат өтөсө, анда кыямат-кайым болуп кетиши бар. Ал «мен ачык эле айтам», «мен жашырбай эле айтам», «мен түбүнө түшүрө айтам»… жана башка «мен айтамдардан» кутула албай турду, «мен» дегенге байланып турду. Бирок, ошо ашкере айтылган «мендердин» зыянына караганда пайдасы көп болду. «Мен туугандарыма кызмат бербейм» деди, «мен жакын санаалаштарыма кызмат бербейм» деди, «мен жердештериме кызмат бербейм» деди, «мен коррупцияга каршы катуу сокку урам»деди, «мен элдикинен жебейм» деди… ошонун баарын аткарды! Ал мурунку үч президентке караганда мамлекет  үчүн эч нерсесин аябай иштеп берди. Баарыдан да ал президенттик кызматын Борбордук Азияда алгачкылардан болуп өз кааоосу менен өткөзүп берди . Бул анын эң чоң жеңиши болду.

Азыр Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси анча жакшы эмес. Анан ортодогу чагымчыларга кудай берип салбайбы, жөн эле өз- денелерине батпай сүйүнүп турушат. Турмуштун маңызын уруш-мушташтардан, ушак-айыңдардан көргөн шордуулар эмеспи бир!

Саясый маңызы «сорулуп» бүткөн, маселен, Бекназаров, Жээнбеков, Эркебаев, Кулов, Мадумаров, Ташиев, Байболов, Жапаров  сыяктуу «капталын»  жана башка жерлерин жеген немелердин кебин Жээнбеков дегеле укпашы керек. Алар Жээнбековго кенедей да пайда  алып  келбейт. Ушуну Жээнбеков билип коюшу керек. Ал менин акылымсыз эле билет болушу керек.

Жээнбековду жалпы эле  президент кылып шайлады. Эми анын укугу менен милдеттерине эч ким тоскоол боло албайт. Демек, ал президенттигин өз билгениндей аткарат. Анын ишине Атамбаев да, Отунбаева да, башкасы да кирише албайт.

 

Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here