Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун  Түркияга болгон иш сапары башталды. Белгилүү болгондой бул мамлекет менен Кыргызстандын мамилеси Атамбаевдин тушунда анча жакшы болбой бузулуп калганы ырас. Ал эки маселеден улам келип чыккан. Биринчиси түрк бийлиги орустардын учагын атып түшүргөндө Атамбаев Путинди жактап, Эрдоганды сынга алган.

Андан кийин Эрдогандын бийлигин кулатмакчы болуп, Түркияда чоӊ төӊкөрүш болгон эле. Бирок ал ийгиликсиз аяктаган. Эрдоган ал төӊкөрүштү өзүнүн мурунку устаты Гүленден көрүп, колдоочулары көп гүленчилерди аесуз кугунтукка алып, далай адамдарды камаган. Гүлендин өзүн сыртынан миӊдеген жылдарга кестирген.  Далай адамдар каза болду. Андан тышкары, Гүлендин дүйнө боюнча ачып алган окуу жайларын жаптырып баштаган. Айрым мамлекеттер Эрдогандын ал сунушун колдосо, айрымдары баш тарткан. Ошол баш тарткандардын катарында Атамбаев да болгон. Натыйжада Гүлендики делген Кыргызстандагы «Себат» окуу жайы «Сабат» деп өзгөртүлгөн. Ал эми дагы бир гүленчи окуу жай делген «Ала-Тоо Ата-Түрк» университети да жабылбай, иштеп келет.

Эрдоган жаӊы президент Сооронбай Жээнбеков менен жакындан пикири алышып,  кыргыз бийлиги менен мамилени оӊдоого кызыкдар. Биздин бийликте деле ушундай кызыкчылыктар бар. Ушундан улам Эрдоган Атамбаев учурунда четке кагып койгон Бишкектеги гүленчи окуу  жайларды жабуу маселесин сунушташы  мүмкүн деген кептер тар чөрөдө айтылууда.

Муну айрым эксперттер да боолгоп турат. Эгер бул окуу жайлар толук жабылбаса да, гүлен тараптан, түрк бийлигинин көзөмөлүнө, мындайча айтканда ээлигине өтүп калышы деле ажеп эмес.

Бул маселе боюнча жыйынтык кандай чыгат, аны аз убакытта биле алабыз. Бирок чынында бизге жайнаган түрк окуу жайларынын кереги жок.

Жабылса жакшы эле болот. Кыргызстанга Кыргыз-Түрк Манас университети деле жетет, себеби ал кичинекей окуу жай эмес, чоӊ окуу жай. Бишкектин далай жерине жайылып, улам жаӊы корпустарды, ал тургай мечиттерди да салып жатат. Түрктөр дүйнөдөгү окуу жайлары менен  далай элге түрк маданиятын, идеологиясын сиӊирип жатканы кашкайган чындык. Алыс барбай эле өзүбүздөгү көрүнуштү мисалга алалы.

Түрк окуу жайларында окуган студенттердин басымдуу бөлүгү түрк элин, түрк идеологиясын укмуш макташып, чаӊ жугузупайт. Жаманын жашырып, жакшысын ашырып, дагы бир тобу  өз мекенине караганда Түркияны жанындай сүйүшөт. Андыктан бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө орчундуу маселе. Бийлик бул боюнча тереӊ ойлонушу кажет. Андыктан Жээнбековдун Түркияга болгон бул иш сапары тарыхта кала турган иштердин бири болуп калса, улуттук кызыкчылыкка төп келет эле.

Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here