Бүгүн 7-апрель революциясына 8 жыл толду. 8 жылда мамлекетибизде эмне өзгөрдү? Ооба, өзгөрүүлөр болду. Бирок өтө чоң эмес. Эң биричн жеткишкендик — бул мамлекеттеги стабилдүүлүк! Экинчиси — сөз эркиндиги. Үчүнчүсү: «Датка-Кемин» подстанциясы, Бишкек-Торугарт жолунун салынышы мына ушул сыяктуу  айрым стратегиялык  маанидеги иштердин жасалышы…

Бирок саясат, экономикадагы көрүнүштөр ошол эски бийликтин кейпинен анча деле айырмаланбайт. Коррупция гүлдөп жатканы чындыкпы, чындык! Экономика көтөрүлө албай, белинен мертинген абалда, очорулуп жатканы чындыкпы, чындык! Саясат сасып, былгып жатканы да кашкайган чындык! Криминал өз тамырын жайып,  керектүү учурда, айрыкча шайтандуу шайлоо учурунда бийлик менен коюн колтук алышып жатканы да чындык. Бийликке дээрлик өң-тааныштык менен, пара менен келип аткан «тупойлордун», маңгыттардын, даңгыттардын көбөйүшү күчөдү. Ал эми Жогорку Кеңештин аты эле калды. Заты, баркы депутат Рысалиев айткандай канализациядан да төмөндөп кетти. Бул кадр маселесинин  кадыр — баркын таптакыр  кетирүүгө алып келди. Саясатта кооз сөздөрдү сүйлөп, «майлуу» кызматтардын «майына» кылгырып, 20-30 жылдап жүргөн карт саясатчылар тобунун деле чөөлөрдүн үйүрүндөй болуп, элдин кыжырына тийип, үмүттөрдү үшүтүп, соолутуп жатканын ким жокко чыгара алат?!

Өндүрүш өсө албай, өлбө жаным өлбө абалында келатканын да эч ким жокко чыгара албайт. Жумушсуздук менен кымбаттоо да эч токтобой, өз ааранын жүргүзүп келет. Мунун кесепетинен миллиондогон мекендештерибиз Россия, Казакстан баштаган дүйнө өлкөлөрүнө мигрант болуп жер кезип, айласыздан, жашоонун айынан  өз мекенинен безип жүргөнү да ар бир жүрөктөрдөн терең орун алып турат.

2010-жылы 7-апрелде эле бийликтеги мына ушундай Теңирден тескери көрүнүштөрдүн баарынан тажаганы үчүн, жаркын келечекке жетүү үчүн Ала-Тоо аянтына чыккан. 100дөгөн адамдар ажал издеп төшүн  жамгырдай жаап жаткан окко тоскон. Андан бери 8 жыл өттү? Революция өз максатына жеттиби? Албетте жеткен жок. Эски бийликтин тушундагы  акылга сыйбас көп иштер кайталанып жатканын жогоруда санадык. Анан кайсы арыбызга 7-апрелди майрамдайбыз?! Кайсы чоң жетишкендигибизге?! Атамбаев жалпы эл жасаган революциянын башкы автору болуп калгысы келип, президенттиктен кете электе шашылыш түрдө 7-апрелди кызыл күн кылып салды. Тарыхка кайрылалы.

Мындай көп адамдардын каны менен ишке ашкан революцияларды кызыл күн кылып майрамдоо маселеси ошол революцияда көтөрүлгөн максат-талаптардын аткарылышына жараша  болуп келген. Он жылдап, 100 жылдап ишке ашкан учурлар тарыхта көп эле кездешип келет. Ал эми Шабдан баатыр көчөсүн  7-апрель көчөсү кылып өзгөртүүгө деле коомчулук каршы болду, көбү жактырбады. Буга да мейли дедик. Муну көпчүлүк. бийликтин,  мурунку ажонун эл менен эсептешпегени катары кабылдады.  Өлгөндүн өз шору деген ушул. Өлкө үчүн 120дан ашуун эр азаматтарыбыз өлүп кете беришти. 100дөгөн адамдар, майып-мунжу болуп калды. Алардын туугандары мамлекет тарабынан берилген жардамдарга ыраазы болуп, унчукпай олтуруп калышты. Ыйы деле, сыйы деле эрте басылгандай болуп турат. Революцияны фанаттар жасайт, жыргалын, пайдасын ортодон чыга калган эпчилдер, тупойлор көрөт деген сөздү да кайсы бир деңгээлде көрүп жатабыз.

Айтор, биз кызыл күн майрам маселесине келгенде бир адамдын каалоосуна келип такалып калгандай болду. Эми мейли дебеске арга жок. Негизи 7-апрель революциясына тарых өз баасын али бере элек экенин дагы бир ирет баса белгилеп айта кетели. Тарых өз учурунда баасын бергенде, азыркы көрүнүштөрдүн көбү кыйла өзгөрүп кетиши толук мүмкүн. Атамбаевге караганда алда канча ыймандуу адам  деп эсептелген Сооронбай Жээнбеков эл башына, өлкө башына келди. Бул президенттибиз  эски досу Атамбаев кетирген каталарды кайталабай, мамлекеттибизди, экономикабызды алдыга жылдыраар. Жылдырууга чоң мүмкүчүлүгү да бар. Эл колдоп турат. Алдыга жылуу саясаты алгылыктуу болсо эле, анда 7-апрель революциясынын максаттары  акырындан ишке аша баштайт эле. Азырынча биз мына ошону тилеп туралы. Ылайым ошондой болсун!

Ал эми эл үчүн жанын берген баатырларыбыздын жаны жанатта болсун дейли!  Мамлекетибиз силердин  алдында али көп карыз!

Мезгилден эрте кеткен элдик баатырлар силерге таазым кылып

 Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here