— Темир Аргембаевич, 2010-жылы 7-апрелде сиз каякта элеңиз?

— 5-апрелде мен “сүйлөшүүлөргө барып келем” деп баарына айтып, Москвага учуп кеткем. Жетисинде таңында учуп келмекмин, кайра уча турган билетим колумда болчу. 6-апрелде түштө мен бир жолугушууга телефонду таштап коюп кетип калдым эле, чыксам, абдан көп звонок келип калыптыр. Ачсам, мени кайтарып жүргөн жардамчы бала тим эле кырк-элүү жолу чалып жибериптир. Башка да звоноктор бар экен, бирок, жардамчым дайыма орчундуу маселелер менен чалгандыктан, кайра чалсам эле “байке, уктуңузбу? Бул жакта баарын камай баштады” дейт. Кыскача айтып берди. Өзүм да интернетти ачып, Таласта болгон окуяны окуп, башкалар менен сүйлөшө баштадым. Оппозициянын башчыларынан Текебаевди, Каптагаевди, Дүйшөбаевди камашыптыр. Тияктагы мени менен жүргөн кишилер “сиз кетпей эле коюңуз” деп айтышты, быяктан да саясатчылар, коомдук ишмерлер чалышып, “келбе, баарын камап атат, бизде маалымат бар, сени да аэропорттон тосуп алышып, дароо кармап кетишет” дешти.

— Ички дүйнөңүздө эки анжылык болгон жокпу?..

— Жо-ок. Эки-үч күн мурун эл менен жолугушуп, “биз 7-апрелде тынчтык митингине чыгабыз, бир топ талаптарды коёбуз” деп айтып кеткем. Келбей коё албайт болчумун. Анткени, мен бир ишти баштасам дайыма алдыда турам, эч качан бирөөнүн артына жашынган эмесмин. Муну тарых тастыктап берди. 2007-жылы апрелде, борбордук аянтта аягына чейин тургам. Ошондуктан, мен учуп келдим. Эгер учуп келбесем, мени туура эмес түшүнүп, ар түрдүү сөздөр чыкмак. 6-апрель күнү кечинде Москвадан отуруп, таңкы саат алтыда Бишкекке кондум. Мени аэпорттон эле траптан түшүп атканда УКМКнын төрт-беш кызматкери колуман кармап, машинага салып келишти. Муну менен мен эмнени айткым келет? Мен камаарын билип, бирок, жоопкерчиликти сезип, учуп келдим. 6-апрель күнү кечинде эч ким, анын ичинде оппозиция да эртеси эмне болорун билген эмес. Билесиңер, 7-апрелде сессия болуп, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов күпүлдөп кыйкырып, “баарын камап атабыз, мына Сариевди да Москвадан учуп келгенде камадык, азыр баарына көрсөтмө берип атат” деп калп сөздөрдү айткан. Камаганы чын болчу, бирок, “көрсөтмө” дегени калп эле, аны сурактан протоколун караса баары тең тастыкталып турат.

— Сизди УКМКга алып келер замат сурак башталдыбы?

— Оперлер кармап алып келген соң УКМКга киргизишти. Экинчи кабаттын батыш жагында тергөөчү балдар отурган экен. Бир эшик кичине ачык экен, карасам Атамбаев отуруптур. Жанында Галина Скрипкина бар. Эртең мененки саат алты жарымдар болчу. Мени аркы кабинетке киргизишти. Мен “адвокат чакыргыла” дедим. Алар келип, саат жетиде сурак башталды. Бир жарымга чейин сурак болду. Адегенде УКМКнын тергөөчүсү сурак кылды. Андан кийин башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү бар экен, ал келип, видео камеранын астында сурактарды баштады. Саат экиге жакын абал кескин түрдө өзгөрүлүп кетти. Мен “суракты токтоткула, азыр мамлекетти сактап калыш керек, камалгандардын баарын чыгаргыла” деп талап койдум.

— Бул маалда ок атылып башталган да?

— Ооба. Бир топ киши жаракат алып, айрымдар шейит да кетип калган. Тигилер өздөрү да сестенип калышты. Себеби, көп эл топтолуп келип, УКМКнын эки эшигин силкинте баштаган. Бирок, короодо абдан көп спецназчылар куралы менен турган болчу. Мен “дагы элди кырып алабыз, ансыз деле кырылып атат, токтоткула, жетекчиңер канакей?” дедим. “Суталинов Акүйдө, президентте отурат” дешти. “Анда ким бар, Марат Бакиевди чакыргыла, же мени алып баргыла” дедим. Мени Маратка алып барышты. Ал экинчи кабатта күн чыгыш тарабында отурат экен. Мен киргенде эле “эмне болуп атасыңар, канча кишини өлтүрдүңөр?” деп өктөм айттым. “Отуруңуз, мен сизге түшүндүрөйүн” дейт. “Түшүндүргөнүңөрдү билбейм. Ок атканды токтоткула! Снайперлерди алгыла (“снайперлер бар экен” деп угуп калганбыз), болбосо эртең сөөгүңөрдү жыйнай албай каласыңар. Атаңа барып айт!” деп эмоционалдуу түрдө айттым. Себеби, ушунчалык ачуум келип турган… Мен 2005-жылы дагы 23-мартта Айдар Акаевге жолугуп, “атаңа барып айт, мени киргизбей жатат, кечээ сессияда да айткам” дегем. Элдин баары билет, 22-мартта сессияда Аскар Акаевге “Бишкек менен Чүй эле калды, сүйлөшүүгө барыңыз. Калган региондордун баарын оппозиция басып алды” десем, Бермет Акаева чыгып, “Темир Аргембаевич, кайсы оппозиция жөнүндө айтып атасыз, ал жакта оппозиция жок, болгону кучка людей” деген. Мен Маратка ошону айттым. “Ошондо да кеч болгон, азыр да кеч болуп калат” дедим. Ал унчуга алган жок. Кнопкасын басып, оперлерин чакырды да “кайра алып кеткиле” деди. Бирок, мен кабинетке жете электе эле эшиктер ачыла баштады. Иса Өмүркулов, Элмира Ибраимова, Абдыганы Эркебаев, Дүйшөн Чотонов баарыбыз чыгып туруп калдык. УКМКнын тергөөчүлөрү да туруп калышты. Себеби, эл дарбазаны бузганы жатышкан. Биз “чакыргыла чоңдоруңарды, сүйлөшүүлөргө барыш керек” дедик. Тергөөчүлөрдүн баары тең башкармалыктын башчысы өзү баш болуп унчукпай, жалдарап эле бизди карап калышты. “Телефондорду бергиле” десек беришти. Ошондо Иса Өмүркулов “Элмурза Сатыбалдиевдин телефону бар, чалайын” деп айтып калды. Чалып, “келбейсиңби” деди эле бир аздан кийин Элмурза келди. Мен кийин сотко барганда да айтып бердим. Бул эрдик болгон ошол убакта. Башкалардай качып кетпей, жалгыз ошол келди. “Башкармалыктын башчысы менен сүйлөшүп, макул болсоңор экөөңөрдү Акүйгө алып барайын” деди. Иса Өмүркулов экөөбүз машинага отуруп, саат төрттөр болуп калганда Акүйгө киргенбиз. Биринчи кабат толтура жоокерлер экен. Баары тең боевой автомат, боевой октору менен. Темир яшиктерди ачып коюшуп, магазинге боевой окторду салып атышат. “Эй, балдар, эмне кылып атасыңар? Бул боевой ок, адам өлүп атпайбы! Токтоткула!” десем, мазардагыдай тыптынч болуп калышты. Ары жактан Данияр Үсөнов чыкты төрт кишиси менен. Мен дароо ага асылдым. “Эй, акмактар, канча кишини өлтүрдүңөр?” десем, “силер сүйлөшкөнү келдиңерби, сүйлөшкөнү келген болсоңор үстүнө чыгалы” деди. Лифт менен 7-кабатка чыктык. Иса Өмүркулов экөөбүз талап койдук. “Биринчиси – атууну токтоткула, экинчиси – снайперлерди алгыла, үчүнчүсү – оппозиция башчыларынын баарын эркиндикке чыгаргыла” дедик. Анан кийин дагы Акүйгө эки жолу кирдим. Саат жетиде, анан саат тогуздан өткөндөн кийин.

Бирок, 7-апрелдеги революцияны башаты Талас болот. Болот Шерниязовдун ролу аябай чоң. Өзү сыркоолоп жүрсө дагы коркпой элдин башында туруп берди. Үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, эл менен чогуу болуу үчүн кеткен. Биз муну айтып кетишибиз керек.

— Өмүрбек Текебаев да үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан, Бакиевдер менен тынымсыз 5 жыл күрөшкөн саясатчы эмес беле? Азыр ал кайдагы бир жалаа менен түрмөдө отурат. Бул боюнча оюңуз кандай?

— Эми убакыт деген кызык экен. Классикалык айтылышта айтылып жүрбөйбү, “Революцияны фанаттар кылат, анын үзүрүн жолдо жүргөндөр пайдаланат” деп. Ошондой болуп калды да. Текебаев биз билгенден токсонунчу жылдан бери депутат болуп келди. Ошондон бери өз позициясынан кетпеген, курч, өжөр саясатчы. Жаш саясатчы болуп келип, аябай бышты. Бүгүнкү күндө парламентте отургандардан ага тең келе ала турган депутаттар бирин-экин эле. Анын парламенттик логикасы, аргументи абдан күчтүү болчу. Мыйзам чыгаруу жагында иштегенде, спикер болуп турганда өзүнүн курчтугун, көрөгөчтүгүн көргөзө билди. Акаевдин заманында аны “сүйлөшүп алган” деп ар түрдү сөздөрдү айтып жүрүштү. Жок, ал эң биринчи мамлекетчил болуп, мамлекеттин багытын түшүнүп, терең билген адам катары катуу тиреше турган учурда тирешип, кичине жумшара турган убакта жумшарып, эң негизгиси, мамлекетке керектүү чечимдерди жылдырганга аябай чоң үлүшүн кошту. Биз 2005-жылдан бери оппозицияда чогуу жүрүп, анын кылган киштерин билем да. Мына, 2010-жылы апрель окуясында анын ролу чоң. Өзгөчө революциядан кийинки мамлекетти калыптандыруу боюнча мыйзамдарды түзүү, конституциялык реформаларды жүргүзүү, жаңы системаны киргизүү, үй-бүлөлүк, авторитардык башкаруудан кетүү боюнча эбегейсиз чоң эмгек кылды. Ошонун башында турду. Мен бир нерсени айтып кетейин. 7-апрелде бийлик кулап, Убактылуу өкмөт түздүк. Мен “Форумга” бир аз кечигип келдим, анткени, аянтта жүрүп калдым да. Мага Отунбаева “Темир, мен “Форумга” кеттим, оппозиция өкүлдөрү ошол жерге чогулуп атат, сен да кел” деп телефон чалды. Мен барсам баары чогулуп, сүйлөшүп атышыптыр. Мен кирип келгенде эле Текебаев айтты “Темир, мына азыр биз макулдашып чечим кабыл алып жатабыз, Убактылуу өкмөт түзүп, Отунбаева анын башында турмай болду, бул өткөөл мезгил болот. Биринчи орун басары Алмаз Атамбаев, орун басары мен болом. Бирок, мен конституциялык реформа менен гана алек болом. Сени орун басар жана каржы министри, Дүйшөбаевди УКМКнын, Шерниязовду ИИМдин жетекчиси, Исаковду коргоо министри кылып атабыз” деди. Ошо убакта Бөлөкбаевди ээрчитип Бекназаров кирип келип калды. Ага да айтты, “сен сот системасын көзөмөлдөп, орун басар бол” деди. Бөлөкбаевди каржы полициясына Бекназаров сунуштады. Мен муну менен эмнени айткым келет? Текебаев: “Мен башка эч жагына барбайм.  Бир гана конституциялык рефоорма менен алек болом, Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгып, кыска мөнөттө кабыл алалы. Толук кандуу парламенттик башкаруу системасын киргизели” деди. Конституциялык реформа боюнча комиссия түзүлүп, июнда референдумга коюлуп, Конститцияны кабыл алдык. Бүгүнкү болуп аткан шайлоолордун, өзгөрүүлөрдүн, мамлекетте кандайдыр бир жетишкендиктер болсо, ошонун баарынын тең башатын Текебаев салып кеткен. Муну айтпаса болбойт. Мен сотко барганда да айттым, күнөөлөп аткан күнү ал каерде болгонун документтер менен тастыктап айтып бердим. Мен ойлойм, Текебаевге бийлик күчүн колдонуп, соттолуп калды.

— Ага коюлган доо айыптар негизсиз деп эсептейсизби?

— Мен сотко барып көрсөтмө бердим. Маевский “мобул күнү саат мынчада жолуктук” деген күнү ал аерде эмес болчу. 12-майда ал биз менен отурган.

— Аны жандап жүргөн Алмамбет Шыкмаматов да бүгүн соттолуп атат…

— Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон иш абдан көп суроону пайда кылат. Ал өзү эсеп палатасында аудитор болуп атса, комиссияга кирбесе, ал жерде өзүнчө тендердик комиссия болсо… Ошол тендердик комиссия машиналарды сатып алыптыр. Ошонун ичинде аялы сатып жиберген машина келип калыптыр. Мунун эмне күнөөсү бар? Баасы ошондой эле экен, техникалык сапаты талапка жооп берет. Бекер барбейт да машинанычы. Базардан сатып алса деле бирдей эле баа болмок да. Тендер өтүптүр, тандап алышыптыр. Анан ошого күнөөлөп, аны жоопко тартып атканы көп суроону пайда кылат… Мен Шыкмаматовду 2002-жылдан бери билем. Текебаевге жардамчы болуп иштеп жүрдү. Юрист катары абдан күчтүү. Сөздөрү курчуй баштады. Анан министр, “Ата Мекен” фракциясы аркылуу депутат да болду.

— Аида Салянова да саясый куугунтуктун курмандыгы болду окшойт…

— Ооба. Аида Салянованы да жөндөн жөн эле соттоп, эч бир акылга сыйбас, юридикалык жагынан такталбаган күнөө менен эле мандатын алып коюшту. Бул туура эмес болуп калды. 7-апрелдеги революцияда булардын салымы абдан чоң болгон. Салянова 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңеште бөлүмдүн башчысы  болуп иштеген. Мамлекеттин келечеги үчүн күйүп-бышып жүргөн адам болчу. 2006-жылы Конституция эки жолу өзгөртүлдү. Көп документтерди Салянова жазган, анткени, биз парламенттин бөлүмдөрү менен иштешчүбүз да. Эч нерседен коркпогон, тайманбаган кыз болчу. Аны убагында Алмазбек Атамбаев өзү да аябай мактаган. Аз сүйлөп, так иштеген кыз да.

— Бийлик Канатбек Исаевди да болбогон жалаалар менен камаганы коомдук пикир катары калыптанып калды. Оюңуз кандай?

— Канат Исаев да кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири. Чоң саясатта такшалып келатат. Жаштыгы, курчтугу менен кандайдыр бир саясый катачылыктарды кетиргендир. Бирок, “Канат Исаев курал колдонуп, бийликти басып алат, мамлекеттик төңкөрүш жасайт” деген айыптоолорго ишенбейм. Бул сыноодон ал сынып калбайт, эрктүү жигит.

— КСДПнын 31-марттагы курултайынан кийин Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда ажырым байкалып калды. Эми окуя мындан ары кандай өңүттө өнүгөт?..

— “2010-жылдан кийин баары тең мыйзам чегинде болсун” деп, биз ошон үчүн күрөшкөнбүз. Ошон үчүн өз өмүрүбүздү тобокелге салып, элдин астында жүрдүк. “Ачыктык, айкындык, тазалык болсун” деп күрөшкөнбүз. Бүгүн элдин добушун алып шайланган президент, парламент, өкмөт бар. Баары тең мыйзам чегинде болушу керек. Эгер бирөө кызматта отурган адамдарга өзүнүн оюн таңуулап, “ушуну кыласың” деп мажбурласа, бул мыйзам бузуу болот. Бул кылмыш иши да болуп калат. Ооба, Атамбаевдин чоң эрдиги бар, бийликке жабышпай, колдон колго өткөзүп берди. Эми Жээнбековго толук мүмкүнчүк бериши шарт. Мен дайым айтам, “Жээнбеков бир партиянын президенти эмес. Мен сени шайлагам, мен сага жардам бергем” деп ага эч ким доомат коё албайт. Ооба, убагында добушуңду бергендирсиң, бул шайлоо процесси. Бирок, ант бергенден кийин ал президент. Мамлекеттин багытын аныктай турган, бийлик ортосундагы тең салмактуулукту  кармай турган адам. “Менин досум эле, менин сөзүмөн чыкпаш керек” дегенди унутуш керек. Биз укуктук мамлекетте жашап атабыз. Президент болуп келгенден кийин ал партиянын да мүчөсү эмес, бир партиянын чечимдерин аткарбайт ал.  Конституциянын астында ант берген, ошол антын аткарышы парз.

— Кадр саясаты боюнча өзгөрүүлөр кечигип атканы эксперттер тарабынан айтылууда.

— Өзгөрүүлөр болот, муну баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Мүмкүн кээ бир маселелер кечигип аткандыр. Мүмкүн жаңы президенттин адамгерчилик мүнөзү президенттиктен үстөм келип кетип аткандыр. Бирок, эртеби-кечпи ал өзүнүн мамлекет алдындагы милдетин аткарып, өзүнүн мамлекет башчысы экенин сезип, ошого жараша чечимдерди кабыл ала баштайт. Мамлекет башчысы болгондон кийин өлкөдө болуп аткан кандай гана маселе болбосун, ал көтөрүп, ачык айтып, өзүнүн позициясын тактап, мамлекеттин багыты боюнча: ал сот системасына тийиштүү болобу, же экономикага, чек ара маселесине тиешелүү болобу, оюн ачык айта алат. Анын укуктарын чектелүү катары айтып атышпабы. Жок. Эгер кайсы бир аким, же губернатор, шаардын мэри, же кайсы бир министр иштей албай жатса, ал маселени кабыргасынан коё алат. Анын бир эле сөзү. Жээнбеков парламент менен түз иштейт. Президент өзү түз дайындай турган бир нече кызматтар бар. Мен ойлойм, ал муну убагы келгенде чечет. Эми мындай да, көбү аны шаштырып атышат. Кээ бирөө бийлик ичинде катуу талаш-тартыш болуп кетиши үчүн кызыкдар. Бирок, мен мамлекетчил көз карашта турган адам катары айтышым керек, ага таңуулап, шаштырыштын кереги жок. Эл өзүнүн баасын берет. Эгерде тың иштеп, туура чечимдерди кабыл алса, ийгилиги айтылат. Туура эмес болсо, аны да угат элден. Бирок, бирөө келип таңуулагандын кереги жок. Атамбаев ачуу сөздөрдү айтып койду. Ал дагы эле президеттиктен кете электиги көрүнүп калды. Бирок, реалдуу турмуш башка. Бүгүн Сооронбай Жээнбеков президент. Биз мамлекет башчысына сый-урмат менен мамиле кылышыбыз керек. Ага кемсинткендей, үйрөткөндөй мамиле кылыштын кереги жок. Оппозицияда жүргөн киши ошентип айтса, биз түшүнөт элек. Бирок, мурунку мамлекет башчынын айтканы опуза болуп калды. Биз билебиз, Атамбаев көп учурларда ашыкча сүйлөп алат. Кийин ал сөздөрүнө өкүнүп, сарсанаа болот. Бул жолу да ашыкча сүйлөп алды.

“Азия Ньюс” 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here