Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосунда жарака кетип, бири-бирине болгон ишеним төмөндөп кеткени Бишкекте өткөн 31-марттагы КСДПнын съездинде дайын болду. Курултай жабык өтүп, аймактардан келген 190 делегат Атамбаевди партиянын төрагасы кылып шайлады.

Партиянын съездинен кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков экөөнүн ортосундагы мамиленин бузулушу, Коопсуздук кеңешинин соңку жыйыны тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди. Баарын ачык айтып, оюна келгенди бултактатпай түз сүйлөп көнгөн  Атамбаев  президент Сооронбай Жээнбеков менен курултай алдында жолугуп, 4 жарым сааттан ашык сүйлөшкөнүн маалымдап, досуна кеңеш берип, ал түгүл ага катуу сын айтканын да жашырган жок. Бул туурасында: «Сооронбай Шарипович 23 жылдан бери чогуу жүргөн эски досум. Ага кээ бирде катуу сөздөрдү айтам. Мен ага ыраазымын, кандай сөз айтсам да кабыл алат.  Кудай буюрса, жакшы натыйжаларды да чыгарат. Менин да кыялым бир топ. Бирок мен айтпасам, ким айтат? Кыргыздын менталитетин мен билем да, президент болбодумбу. Өзүнөн баштап, тууган-жакындарына чейин көкөлөтөт. Сооронбай Шариповичке деле мунун аягы жаман бүтөт деп айттым. Ал азыр абдан татаал мезгилде турат. Мүмкүн тегерегинде жакшы адамдар бар, жаман адамдар бар. Болгонун болгондой айтып коюу менин парзым. Жаныңда коррупционер болбошу керек деп, аппаратындагылар акты кара деп кагаз алып барып жатса аны да айтышым керек. Муну башка бирөө айта албайт. Эгер кеңеш сураса, дайыма кеңеш берем. Кыргызстандын президенттик мамлекеттен парламенттик мамлекетке өткөрүүнүн эң акыркы этабы Сооронбай Шариповичтин колуна тийди. Ошол эле убакта анын тегерегинде катуу оюндар жүрүп жатат», — деп айтты.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынындагы коррупциялык күрөш тууралуу, өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына байланыштуу баяндамасына ичи чыкпай, капа болгонун да ачык билдирди. Экс-президент өз сөзүндө: «Президенттин аппараты мурда талкууланган, биринчи окууда жактырылган стратегияны эмес, таптакыр башка документти киргизгенге аракет кылыптыр. Ал жерде акырындап парламенттик өлкөгө өтүү өңдүү стратегиялык жагдайлар, «Таза коомдун» негизи алынып калыптыр. Мен Сооронбай Шариповичтен бул кандайча болуп кетти десем, ал «Аппаратыма өтө ишенип алыпмын» – деди. Ушундай нерселер чындап ачуумду келтирет. Биз ошондой эле Коопсуздук кеңештин жыйыны тууралуу сүйлөштүк. Ал жерде да мен ага башка сөздөрдү айттырганын далилдеген фактыларды келтирдим. «Атамбаев соңку үч жылда коррупция менен күрөшкөн эмес» – деген сөздөр болду. Эң чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин тушунда ачыла башталган. Мисалы, 800 миллион сомдук кошумча нарк салыгын төлөбөй келген схема былтыр апрелде башталган, Сегизбаевге тапшырма берилген. Эми азыр аларга айып тагылды» – деп күйүп-бышты.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, «Асилбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин, болбосо президенттин бир тууганынын депутат болгону эртеби-кечпи президенттин аброюна терс таасирин тийгизет» – деп кескин сынга алып, Кыргызстан Акаевдин, Бакиевдин доорунда бул процессти баштан кечиргенин мисалга тартып, бул көрүнүшкө жол берилбесин эскертти.

Айтор, учурда экс-президент менен учурдагы өлкө башчысынын ортосунда бири-бирине болгон ишеним солгундап, мурдагы тилектештик таасир талашуу фазасына өткөнү айкын болду. Албетте, бул мансап, байлыктын кумары бар жерде боло турган көрүнүш болчу. Саясатта түбөлүк достук эмес, кызыкчылык өкүм сүрөөрү далилденип жатат. Бири буга чейинки таасирин сактап, бийликтин рычагдарын өз көзөмөлүндө кармап, өзү менен ар дайым эсептешүү зарылдыгын туюнткусу келсе, экинчиси колун бууган кишенди алып, жолундагы тоскоолдуктарды тазалап, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын толук өзүнө алууну көздөп жатат. Арийне мындай абал көз караш, кызыкчылыктардын кагылышуусун жаратып, тирешүүгө жеткирет. Тирешүү бар жерде үстөмдүк көргөзүү аракети жүрөт. Демек, дос каска, кас доско айланат. Башка жол жок.

Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоонун алдында бекер жеринен «Сооронбай Жээнбековдун эл арасында аброю 3 процент болчу» деген фразаны айткан эмес. Бул дегендик «мен болбосом президент болуу түшүңө кирмек эмес, менин күчүм, менин каалоом менен мамлекет башчысы болгону жатасың, Шераалынын чокоюн унутуп калба» деген коңгуроо болчу. Чындыгында, ушул ракурстан алганда Атамбаевдин капа болчу жөнү бар. Анткени ишенген адамы такка жеткенде жүз буруп кетсе, албетте, ичи ачышат. Арийне, таяктын эки учу бар экенин эске алсак, Кудайдын назары түшкөн адам президент болот. Так жөн адамга буюра бербейт. Демек президент болуу бактысы маңдайына жазылган. Ага Атамбаев түрткү, себепкер болду. Андыктан «менин артым менен президент болдуң, эми менин айтканымдан чыкпай, мен көрсөткөн жол менен кетесиң» деп өкүмзордук кылган да туура эмес. Себеп дегенде, каалайбызбы-каалабайбызбы өлкө башчысы болгондон кийин мамлекеттин 6 жыл ичиндеги артыкчылык, кемчиликтерине эл алдында, Кудай алдында президент Сооронбай Жээнбеков жоопкерчилик тартат. Башкача айтканда, кийин «чечимди өзүм кабыл алчу эмесмин, күнөө менде эмес» деп айтууга, мыйзам алдында да, адамдык абийир, моралдык жактан да укугу жок болот. Муну президент Сооронбай Жээнбеков сезип, жоопкерчиликти өзүнө алыш керек.

Арийне, жоопкерчилик алуу бийликтин эки тизгин, бир чылбырына ээлик кылып, өзүм билемдик жасоо эмес экенин да акылга салып калчоо зарыл. Өткөндү унутуп, ичкен кудукка түкүрүү жакшылыкка  алып барбайт. Бардык жерде тең салмак сакталыш керек. Азыркы даражага жеткирген үзөңгүлөшүн кас тутуп, анын эмгегин, ишенимин тебелөө же ага милдеткер болуп, анын айтканынан чыкпай кол бала болуп, баш урган да жарабайт. Башкача айтканда, өткөн бийликтин каталыгын кайталабай, артыкчылыктарын чанбай, элдин мүдөөсү, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп саясат жүргүзүү күндүн күрөө тамыры болуп турат.

Учурда экөөнүн тирешип, бири-бирин душман тутуп кармашуусун күтүп, котур ташын койнуна катып коңулда жаткандар көп.  Ал түгүл тымызын да, ачык да ортолоруна шынаа кагып, отко май чачып, учкундан жалын чыгарууга жан үрөп жаткандар жок эмес. Себеби бийликтин жогорку сересиндеги абройлуу көзүрлөр таасир талашкан жерде тигиге бирди айтып, буга бирди айтып, жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, пайда көздөгөн кошоматчы, эки жүздүү куйтулардын күнү тууйт. Жердешчилик оору козголот. Алмустактан бери ошондой. Азыркы тапта эки лидердин кимисинин колтугуна баш катаарын билишпей, азил-чыны аралаш икаяда айтылган түлкүнүн кейпин кийгендер да жетишээрлик…

Мынча болду, икаянын мазмунуна кыскача токтолуп кетейин. Арстан токойдун жашоочуларын тартипке келтирмек болуп, бир күнү жаныбарларды топтоп, үйлөгөндөр менен турмуш кургандар бир тарапка, үйлөнө электер менен күйөөгө тие электер бир тарапка бөлүнгүлө деп буйрук бериптир, анан баары эки тарапка бөлүнүп, бир түлкү кайсы тарапка бараарын билбей, эч жакка кошулбай, улам бир тарапка чуркап ортодо бушайман болуптур. Анан арстан «Түлкү сага эмне болду, бир тарапка кошулбайсыңбы?» – десе, «Ажырашкандар кайсы тарапка кошулат билбей жатам», – деп коёт дейт.

Анын сыңары, учурда түлкүнүн кейпин кийгендер, тарп аңдыган жору-кузгундай төбөдөн айлангандар, коңулда жатып алып отко май чачкандар тараза ташы кимге оойт дешип, кош миздүү канжарды коюндарына катып, кырдаалды күтүп отурушат.

Автор: Алмаз Темирбек  уулу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here