Алмаз мырза, кепти Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп атоо боюнча жакында эле чечим кабыл алдыңыздар. Коомчулук муну колдогон деле жок. Анткени, өзүңөр көчөлөрдүн аттарын атоого мораторий киргизгенсиңер. Кайра аны минтип бузуп жатасыздар. Бул боюнча эмне дейсиз?

—Бизге көчөнүн атын алмаштыруу демилгесин көтөрүп, 2017-жылы  «Айкөл Ала-Тоо» жана «Мекен шейиттери» коомдук бирикмелери ошол кездеги президентибиз Алмаз Атамбаевдин атына кайрылуу жолдошкон. Ал сунуш президент тараптан бизге келген. Биз бул сунушту карап чыгып, колдоого алдык. Анткени, 2010-жылы дал ушул көчөдө революция башталып, бурулуш орун алган. 7-апрель революциясынын атын түбөлүккө калтыруу үчүн мына ушундай чечимдер кабыл алынды. Бирок биз тарыхта орду чоң инсан Шабдан баатыр атабыздын көчөгө берилген ысымын такыр жокко чыгарган жокпуз. Эми мындан ары Алматы-Чүй көчөсүнөн тарта чыгышты карай Ауезов көчөсүнө чейин Шабдан баатыр көчөсү деп аталат. Бул да токтомдо кошо бекиди. Ал эми мораторий маселесин өзүбүз кабыл алганбыз да. Ал токтомду мына ушундай өзгөчө учурларда өзгөртө алабыз. Буга чейин мораторий учурунда да Чыңгыз Айтматовдун атын Манас-Бөкөнбаевден баштап, резиденцияга чейин атайы чечим менен бергенбиз. Ошондой эле Иманалы Айдарбековдун аты да атайын чечим менен берилген.

Буга чейин мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын Тарых музейине жана Киев көчөсүнө ыйгаруу боюнча сунуштар айтылууда. Президент Сооронбай Жээнбеков Кочкорго барган кезде да айтылып, ал киши колдоого алган экен. Бул боюнча сиздерге сунуш келдиби? Же мораторий маселеси 7-апрелге иштебей, Усубалиевге иштеп жатабы?

—Андай сунуш шаардык кеңешке бизге келе элек. Эгер келе турган болсо Усубалиев атабыздын эмгегин эске алып, анын ысымын  көчөгө берүү боюнча мораторийге карабастан өзгөчө чечим кабыл алууга туура келсе,  карап берүүгө даярбыз десем болот.  Бул менин жеке өзүмдүн оюм.

Эми Бишкектин быйылкы бюджет маселеси боюнча маалымат берсеңиз. Анткени, талкуу көп болду. Былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард кем болуп калды…

—Быйыл биздин шаардык бюджет 7 миллиард 934 миллион сом болду. Жакында сессияда кабыл алып бердик. Абдан чоң талкуу болду. Бюджет элге ачык болсун деп, шаардагы 4 райондогу эле бюджеттик угуу өткөргөнбүз. Былтыр шаардык бюджет 8 миллиард 893 миллион сом болчу. Салыштырганда 1 миллиардга кемип калды. Бул маселе  боюнча биз шаардык кеңештеги 5 фракциянын лидери ЖК спикери Дастан Артисбековичке бардык, колдоо сурап. Мисалы, биз Бишкектен чогулуп жаткан административдик айыптардын  50 пайызын шаардык бюджетке берүү маселесин козгодук. Мындан тышкары, биздин борбор шаарыбыз республикалык бюджеттин 50 пайыздан ашыгын чогултат. Бөлүштүрүп келгенде Бишкек шаары өзү чогулткан салыктын 19 пайыздайын гана алат. Бул чоң шаар үчүн өтө аздык кылып жатат. Жок дегенде, 30 — 35ке чейинки пайызы берилсе, өнүгүүгө абдан жакшы болмок. Шаардык бюджеттин 50 пайыздан ашыгы социалдык камсыздандырууга кетет. Салыштырып көрсөк, өнүгүү маселесине 2013-жылы 200 миллион сомдой эле каралган. 2014-жылы 495 миллион, 2015-жылы  700 миллион сом, 2016-жылы 1 миллиард сомго жакын каралган. Былтыр  болсо өнүгүү статьясы боюнча 1 миллиард 200 миллион сомго чейин көтөрүлдү. Быйыл болсо бул көрсөткүч кайра төмөндөп кетти. Анткени шаардын бюджети 1 миллиард сомго азайып калды да. Маселен, биз быйыл шаардын ичинде  жарыктандыруу үчүн (Бишкексвет аркылуу) 7 миң точканы жаңы заманбап света-диётко алмаштырууну караганбыз. Тилекке каршы, буга акча жетпей, 7 миңдин жарымын эле алмаштырып калат экенбиз. Ал эми капиталдык курулушка былтыр 700 миллион сомго жакын акча каралса, быйыл болгону 300 миллион сомдон ашыгыраак  акча карап бердик. Бишкек шаарында көйгөй көп болуп жатпайбы. Ошондуктан шаардык бюджеттин өнүгүү статьясына каралган акча көп болсо, көйгөйүбүз ошончо көп чечилет эле. Жогорку Кеңеш бул маселени туура түшүнүп, колдоого алат деген үмүттөбүз.

Бишкектеги жол маселеси боюнча маалымат берсеңиз?

—Кытайдан алынган грантка Бишкекте жалпысынан 49 көчө жасалмак. Көпчүлүгү бүтүп калды. Андан тышкары, быйыл  «Бишкекасфальтсервис» шаардык бюджеттин эсебинен 42 көчөнү оңдоп-түзөйт. Свердлов районунан 12, Биринчи Май районунан 7 көчө, Октябрь районунан 9, Ленин районунан 14 көчө жасалат.

Жол салуунун сапаты барган сайын начарлап баратат. Көп айтылып, көп сындалып жатат. Бул маселеге сиздер да көңүл буруп жатасыздарбы?

—Албетте, биз да көңүл бурабыз. Жакында эле мен Славян университетине барып, журналистика факультетинин студенттерине лекция окудум. Мына ошол жерден мага Шопоков-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги асфальтта тешиктер пайда болгонун айтышты. Ким жасаганын менден кызыгып сурашты. Азыр мен бул маселени изилдеп жатам. Лабораторияга да кат жазайын деп жатам.Бул эми бир эле мисал. Мындай мисалдар аз эмес.  Жакында биз депутаттар жолдордун сапатына байланышкан маселени да көтөрөлү деп жатабыз.

Бишкекке алынып келинип баштаган троллейбус баасы 122 миң евро экени айтылууда. Эл анын өтө кымбат экенин айтып, сынга алууда. Коррупциялык схема болгонбу деп шек санагандар да көп болууда. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Мындай коомдук транспорттордун баасы 100 миң евронун тегерегинде экени айтылууда. Бирок бизге келип жаткан транспорттордун ичинде атайын түзүлгөн артыкчылыктары дейбизби, мына ошондой жактары да бар экен. Ошон үчүн баасы 122 миңге чыгыптыр. Бул боюнча вице-премьер Мелицкий ушул маселеге жооп берет, мына ошол адамдан толук маалымат алсаңыздар болот. Жалпысынан Бишкекке 52 троллейбус апрель айынын аягына чейин алынып келинет. Акча маселеси ошого каралган. Негизи шаарга 400дөн 700гө чейин автобус керек. Бирок биз троллейбуска басым жасап жатабыз. Себеби, бул коомдук транспорт экологиялык жактан таза, экологияны бузбайт экен. Ансыз деле шаардын экологиясы абдан бузулуп жатпайбы. Автобус ала турган болсок деле, анын бирөөсү 100 миң доллар турат экен. Буга чейин бизге Кытай 10 автобус белек кылып беришкен. Баасы 100 миң экен. Ал бензин менен эмес, метан-газ менен жүрөт. Азыр ал белекке келген автобустар 42-маршрутта каттап жатышат. Кыскасы, дизелдерден алыстайлы деген максатыбыз бар. Борбор көчөлөргө автобус, троллейбустарды жүргүзүп, кичи маршруттук таксилерди акырындык менен чет жактарга чыгаралы деген планыбыз бар. Ошондой эле коопсуздук жагына да жакшылап көңүл буралы деп жатабыз. Бир мисал айтайын, менин Фейсбукта баракчам бар. Ошол баракчама бир айым кыска тасма жөнөтүп жибериптир. Кечинде жумуштан чарчап чыгып, маршруттук таксиге олтурса, анын айдоочусу жолду карабай, терезесине экран коюп алып, тойду көрүп баратат дейт. Мына ошону тарткан экен. Биз ал тасма боюнча ал айдоочуну издеп таап, жумуштан бошоттук. Бирок ар бир айдоочуга минтип көз сала албайбыз да. Ошон үчүн мен бир ай мурун Коопсуздук боюнча атайын иш-комиссиясын ачып, бул жаатта иш алып барылып жатат. Биз тараптан да аз да болсо салым болуп турса деген тилегибиз бар.

Маектешкен Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here