Алматынын полициясы Казакстанда анча деле белгилүү эмес, бирок  кримавторитет делген Есбол Жапбасовду кармады. Мына ошол адам менен биздин Жогорку Кеңештин учурда Казаксатанда кармалып жаткан Дамирбек Асылбек уулунун байланышы бар деген маалыматты таратышты. Есболдун Казакстанга жана Бишкектеги үйлөрүн тартып алып көрсөтүшкөн. Тасмада ал үйлөр жомоктой экени көрүнүп турат. Ага бир нече миллиондогон долларлар сарпталганынан шек саноого болбойт. Ошондой эле анын таза кандуу 70 күлүк атын да тасмага тартып көрсөтүшкөн. Ал крим чөйрөдө “ джапбасов – бандасы ”  деген ат менен белгилүү болушкан экен.   Бул банда контрабандалык бизнес менен шугулданып келгени ачыкка чыккан. Алар  тоок эти жана нефти менен бизнес кылышкан.   “Карасу” жана “Кордай” бажысынан  КАМАЗдарды өткөрүп, ар бир КАМАЗга  80 миң тенге  алып турчу. Алардын бул багытта бир күндө чогулткан акчасы бери жагы милиондон ашып турганы айтылат.  КАМАЗдардын айдоочулары бажылардан Есболдун атын айтып, эч тосколдуксуз өтүп турушкан. Аталган банда “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев менен союз түзгөндүгү казак полициясынын маалыматында айтылат. Есболду кармашкан учурда анын жол тандабас унаасынан “ТТ” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Ошондой эле үйүнөн “Калашников” баштаган бир нече куралдарды да таап чыгышкан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here