Бишкектин Биринчи май райондук соту адам өлтүртүүгө аракет кылган Мирлан (аты өзгөртүлдү, Б.М.Т.) жана Мараттын (аты өзгөртүлдү, Р.М.М.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Мирлан аталган кылмышты буга чейин соттолуп, абакта жазасын өтөп жатканда жасаганы соттун токтомунда айтылат.

Териштирүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2016-жылдын август айында соттолуучу Мирлан менен чогуу жашаган Медина (аты өзгөртүлдү) телефон чалып, башка адамды жолуктурганын жана аны менен жашай турганын айткан. Мирлан ал учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде камакта болгон (Роза аттуу аялдын күйөөсүн өлтүргөнү үчүн эркинен ажыратылган). Ал кызганычтан улам Мединанын сүйүктүүсүн өлтүртүүнү чечкен. Мирлан карындашы Алтынайдын (аты өзгөртүлдү) жардамы менен Мединанын сүйүктүүсү Ринат экенин аныктаган. Андан кийин Розага телефон чалып, күйөөсүн буйрутма менен өлтүрткөнүн айтам деп коркутуп, WhatsApp аркылуу Ринаттын сүрөтүн жөнөтүп жана ал тууралуу маалымат берип турууну талап кылган.

Ал 2016-жылдын октябрь айында өзүнүн беделин жана криминалдык чөйрөдөгү «смотрящий» абалын колдонуп, камакта чогуу жаткан Маратка 2 миң долларга Ринатты өлтүрө турган адамды табууну тапшырган. Марат телефон аркылуу Жоомарт (аты өзгөртүлдү, Б.Ж.Х.) аттуу жаран менен байланышып, аталган сунушту айткан. Ал макулдугун бергенден кийин Алтынай аркылуу Ринаттын сүрөтүн жана 100 доллар жөнөткөн. Бирок алардын кылмыштуу планы ишке ашпай калган.

Мирландын айтымында, аталган күнү алар мончодо жүргөндө милиция кызматкерлери камераларды текшерип, анын блокнотун алып кетишкен. Андан кийин аны ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, Ринаттын өмүрүнө кол салуу боюнча айыпталып жатканын айтышкан.

«Биздин камерада бир эле телефон бар болчу. Бирок текшерүүдөн кийин алып кетишкен. Ага чейин ошол телефон аркылуу аялым менен сүйлөшүп, экөөбүз кайым айтыша кеттик. Ал мага башка адамды жолуктурганын айтты. Кийинки күнү Марат келип, ага үй-бүлөлүк көйгөй болуп жатканын айттым. Ал аялымдын башка сүйүктүүсү бар же жок экенин билип берүүнү убадалады. Марат экөөбүз бирөөнү өлтүрүү жөнүндө сүйлөшкөн эмеспиз. Биз жөн гана ал адам тууралуу билгибиз келгендиктен Розадан анын сүрөтүн жөнөтүүнү сурандык. Анын сүрөтүн телефон аркылуу жөнөтүштү. Бирок телефон эски болгондуктан сүрөт ачкан жок. Ошондуктан карындашыма ал сүрөттү чыгарып, Жоомарттан берип жиберүүнү өтүнгөм. Жоомартка берилген 100 доллар азык-түлүк үчүн болчу», — деди ал.

Ал эми Мараттын айтымында, тергөө изоляторуна баңгизат колдонгону үчүн камалган. Сот аны чечим чыкканга чейин бир нече күнгө камаган. Ал убакытта ага адамдын өмүрүнө кол салуу боюнча айып тагылган.

«Жоомарт экөөбүз чогуу окуганбыз. Ал мага азык-түлүк алып келмек. Муну уккан Мирлан сүрөттү кошо ала келүүсүн суранды. Жоомарт макул болуп, Мирландын карындашынан сүрөттү жана акча алып келди. Мирлан экөөбүз бирөөнү өлтүрүү тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Мага жактоочу бул иште күбө катары сурак бере турганымды айткандыктан бардык документтерге кол койгом», — деди ал.

Сот отурумунда жабырлануучу Ринат Медина менен 2015-жылдын февраль айында таанышканын билдирди. Медина ага күйөөсү бар экенин жана ал адам өлтүргөнү үчүн Бишкектеги абакта отурганын айткан. 2015-жылдын ноябрь айында Медина аркылуу Роза менен таанышып, экөө тууган экенин билген. Ал 2016-жылдын сентябрынан тарта Розанын үйүндө жашап баштаган.

«Райондогу борбордук мечитте мени милиция кызматкерлери тосуп алып, абакта отурган адамдар мени өлтүртүүнү пландап жатышканын айтышты. Мага өзүмдүн эки сүрөтүмдү көрсөтүштү. Бул сүрөттөр мен байкабай турганда тартылган экен. Сүрөткө ким тартканын билбейм, бирок ал Розанын үйүндө тартылган», — деди ал.

Жыйынтыгында сот Мирланды күнөөлүү деп таап, мурунку өкүм менен бирге жалпы 19 жылга эркинен ажыратты. Анын мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөмөй болду. Ал эми Марат мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга кесилди.
Булак:turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here