Сүрөт: «Кош келиңиз, президент мырза!» киносунан алынды…

 —Темир мырза, былтыр жыл соңунда Таллин шаарында болгон эл аралык кинофестивалда сиздин “Түнкү кырсык” аталышындагы көркөм тасмаңыз башкы байгени — Гран- прини жана 10.000 евро акчалай сыйлыкты багындырганы маалым. Тасманын жаралышы, жеңишиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

 —2017-жыл кыргыз киносу үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Кыргыз киносунун тарыхында буга чейин болуп көрбөгөндөй жеңишке жетиштик. Бир эмес, үч кинобуз кинодогу эң жогорку категория  “А” классындагы эл аралык фестивалга катышып, баш байгени багындырды. Эл аралык фестивалдарга биринчи болуп катышкан режиссёр Бакыт Мукул тарткан  “Атанын керези” тасмасы  Канаданын Монреаль  шаарында өткөн фестивалда биринчи орунду алып, баш байге “Алтын Зенит” сыйлыгы менен сыйланса, көп өтпөй эле дал ушул фестивалга катышып, дал ушул сыйлык менен режиссёр Эрнест Абдыжапаров тарткан “Саякбай” тасмасы сыйланды. Андан кийин мен тарткан  “Түнкү кырсык” тасмасы  Таллин шаарында өткөн фестивалда биринчи орун, Гран-прини багындырды. Ошондой эле белгилүү режиссёр, ЖКнын депутаты АКШнын Лос-Анджелес шаарында жалпы Азия мамлекеттеринин кино фестивалын уюштурду. Кыргыз барып алып АКШда фестиваль уюштурганы чоң ийгилик да.

-“Түнкү кырсык” тасмаңыз эмнеден улам жаралды, канча каражат кетти жана тасма качантан баштап элге тартууланат?

-Тасманын сценарийи Кыргыз Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр, ыраматылык Талип Ибраимов агабызга таандык. Ал киши көзү өтөөрүнө жакын мени чакырып, “Менде бир сценарий бар, сен ушуну кино кылып тарт” – деп сценарийди колума карматты. Сценарий аңгеме болуп  жазылыптыр.

Окусам мааниси жакшы. Жакшы кино болчудай. Бирок тилекке каршы, чыгарманын  көлөмү аз экен дагы, анан менин ага чейин тарткан “Кумар” деген тасмамдын сценарийине окшош экен.  Дароо эле ошол  жерден Талип байкеге айттым, байке, чыгармаңыз жакшы экен, бирок көлөмү аз экен,  ашып кетсе жарым сааттык эле  кино  болчудай.

Анан мааниси менин “Кумар” деген тасмама окшош экен, бир аз өзгөртөлү, кошумчалап жазайын десем, байке макул болду. Сценарийдин үстүндө иштеп баштадым. Кошумчалап жазчу жерлерин жаздым. Эки күн өткөн соң “Сценарийди окут” – деп  Талип байке келиптир. Окуттум. Окуган соң, “Сен меникин такыр бузуп салыптырсың” – деди. Мен анда тартпайм дедим. Көрсө ошондо байкуш киши ооруп жүрүптүр. Акыркы күндөрү сөз көтөрө албай, бат жини келип, таарынчак болуп калган болчу. Себеби көп жашабасын билиптир. Ага чейин доктурлар оорусу күч экенин айтыптыр да. Көп өтпөй эле ооруканада жатып көзү өтүп кетти. Ошентип Талип байкени жерге бергенден кийин, ал кезде маданият министри Алтынбек Максүтов болчу  ал, Садык-Шер чакырып “Темир байке, Талип байке тасмасын тартылып калса деп жүрүп максатына жеткен жок, сиз эми тасманы тартып бүткөрүп бериңиз” — дешкенинен тартып бүткөрдүм. Сценарийди башынан  иштеп чыктым. Өзгөртчү жерлерин бир аз өзгөртүүгө туура келди. Жыйынтыгында жаман болгон жок. Дүйнөлүк фестивалда башкы байгеге ээ болду. Ал эми коомчулукка качан тартууланаарын айта албайм. Тасманы мен тартканым эле болбосо, каражатын, техникасын, кыргыз киностудиясы каржылады. Алар эмне кылышты өздөрү билет. Кинодогу сюжеттин негизги  мааниси  кары киши менен жаш кыздын ортосундагы жылуу мамиле. Башкы ролду КРнын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков ойноду.

 — Тарткан тасмаларыңыздарды фестивалга катыштырып жатасыздар, фестивалдан кандай пайда табасыздар?

— Кино коммерциялык  жана мамлекеттик, тарыхый кино болуп экиге бөлүнөт. Коммерциялык кино акча табууну көздөгөн,  көңүл ачуучу маанайда тартылган кино. Ал эми тарыхый кино, архивде сактала турчу, дүйнөлүк  фестивалдарга катышып, жеңишке жетише турчу  кинолор. Мындай кинолорду көбүнчө мамлекет каржылап тарттырат. Фестиваль бул ошол тартылган киноңду электен өткөрчү атайын сынчылардын тобу десек болот. Эгер тарткан тасмаң фестивалда жакшы деп бааланса, анда режиссёрдун жетишкендиги, эмгегинин акталганы ошол.

 — Качкын президенттерге арналган «Кош келиңиз, президент мырза! » деген кино тартып, 29-марттан баштап театрларда  көрүүчүлөргө тартуулаганы  турасыз, ал киноңуздан эл эмнени көрүп биле алышат?

— Кыргызстандын бийлик башчылары, буга чейинки Акаев менен Бакиевди мисал кылсак болот, башка бир мамлекетти тоногондой  Кыргызстанды тоноп, жеп-ичип алып куйругун түйүп жок болушту. Жалпы карапайым элдин аларды жазалоого колу жетпей келе жатат. Алар келсе кандай болот эле, эл аларды  эмне кылат эле, качкын президенттерде элге болгон сезим, мамлекетке болгон сүйүү барбы? Алар деле пенде да, аларда деле кандайдыр бир сезим болсо керек  деген  ойдун тегерегинде сүрөтчү, режиссёр катары ойлонуп  кинону жараттым. Кинонун кандай болгонуна эл баа берсин…Буйруса, 29-марттан баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

 — Башкы ролдордо кимдер ойноду?

— Сценарийди төрт жыл жаздым. Жазылгандан кийин башкы ролду ойноого актёр ылайык келбей, бир топко актёр издедим. Окуп жүргөн маалда  Нарын театрына кирип, ошол  жактан бир актёрду көргөм. Ошол кишини издедим. Ал Токтосун Арзыгулов аттуу байке. Театрда иштеп жүрүп, иштебей калыптыр. Сураштырып отуруп байкени таап, башкы ролго тарттым.

Жакшы ойноп берди. Кандай актёр болгонун жакында көрөсүңөр. Белгилүү артисттерден Мурат Мамбетов, Сайра Мырзалиева, Эгемберди Чалабаев, Бакыт Мукул, Аскат Сулайманов, Кыргыз драма театрында иштеп жаткан Атай Өмүрзаков деген жаш актёр жигит ж.б. актёрлор роль жаратышты.

 —Коммерциялык багыттагы кинолорду көп тартпайсыз, бул жолу бул кинону тартып калышыңызга эмне түрткү берди?

-Маселе жүрөктү өйүдү. Кыргызстанда чоңдордун окуган окуусуна басым жасайбыз. Жогорку окуу жайын Москвадан, Ленинграддан бүтүп келиптир, жакшы экен, билимдүү экен деп. Бирок анын моралдык, адамдык сапатына, абийирине, ыйманына басым жасабайбыз. Бизде билимдүү, бирок ач көз адамдар бийликке келет дагы, казынага беш манжасын матыра салып тоногонго киришет. Алар билимин мамлекетти көтөрүү үчүн эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонушат. Мына ушунун баары ойду жемеледи. Букту чыгарыш керек болду. Акыры кинону тарттым.

-Гиннес китебине киребиз деп бир тонна бешбармак жасашты. Буга көз карашыңыз кандай?

-Мактанаарга сыйпалап эч нерсе таппаганда, айла жок ушинтип мактанып жатабызбы деген ой келет. Мактанчаактык бул өксүктөн пайда болот.  Бешбармак жасайбыз деп канча жылкыны курмандыкка чалышты. Андан көрө ошол жылкыларды “Тазалык” ишканасында бир жигит иштейт экен. Ооруп чет өлкөдөн  операция болушу керек экен, операцияга акча таппай жатыптыр. Андан көрө жылкыларды ошол жигитке берип, сообуна калышса жакшы болбойт беле. Гиннеске  кирип, дүйнөнү жылкы мууздап, бешбармак менен эмес, самолёт, машине жасап таң калтырсак болбойт беле. Тарых менен мактанабыз. Бир нерсе болсо эле бай тарыхыбыз  бар деп тарыхты көтөрүп чабабыз. Ооба, бай  тарыхыбыз бар… Бирок учурда колубуздан эч нерсе келбей, жасаган эч нерсебиз жок туруп кантип мактанабыз десең…

— Алдыда дагы кандай кинолорду тартайын деген планыңыз бар?..

— План көп. Даяр сценарийлер бар. Каражат болсо эле кино кылып тартып чыгарам.

— Жаштарды окутуп тарбиялап жүрөсүз, окуучуларыңыз сиздин жолду жолдоп, сиз баскан из менен басып жатышабы?

— Асел Жураева, Акжол Бекболотов, Чоро деген жигит. Айтор окуучуларым көп. Мен сыймыктанам. Кудай буюрса окуучуларымдан мыкты режиссёрлор чыгат деген терең ишеничтемин. Ден соолуктарын тилейм. Аман болушсун.  Режиссёрдук кесипте тасманы кандай тартышты үйрөтө  аласың. Эмнени  тартыш керек кеп ошондо. Менин окуучуларым жөн эле бир нерсени кино кылып тартпаса, коомго, элге пайда алып келе тургандай, тарбиялык мааниси зор чыгармаларды кино кылып тартса деген тилегим бар. Ошого үйрөткөнгө аракет жасайм.  Унутпай айтып коёюн, менин жүрөгүмдү көптөн бери өйүп келген дагы бир көйгөй, биз иштеп жаткан Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз киностудиясы улуттук деген статуска ээ. Тоо-ташта эмгектенип жүргөн карапайым кыргыз элинин салыгынын эсебинен кино тартабыз десем жаңылышпайм.  Бирок тилекке каршы, биз кинону ушул күнгө чейин орус тилинде тартып келебиз. Сценарийдин баарын орусча талкуулайбыз. Ушул маселени канча жылдан бери какшап айтып келе жатам, маани берип мени уккан бир жан жок. Кино студиянын көркөм кеңешин жетектеп турганда  сценарийдин баары кыргызча болсун деп, болгон аракетимди көргөн элем. Мен көркөм кеңештен кеткенден кийин абал кайра эле баягы таз кейпин кийди. Ушул кезге чейин көп жерге кайрылдым. Бара элек, оюмду айта элек тил үчүн, эл үчүн күйгөн депутат Рыскелди Момбеков эле калды. Рыскелдиге барып жолуксам жакшы болот эле.

Маектешкен Мирлан Алымбаев

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here