Саясий кырдаал ичтен кайнап, ташыганга аз калганы байкала баштады. Мансап, байлык бар жерде тиреш, таасир талаш, ошондой эле тутана албай жаткан отко май чачкан кутумчулук өкүм сүрөөрү бышык. Жыл жаңыргандан бери президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзө алабы же экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен чыга албай кол баласына айланып, айтканына көнүп, бас деген жагына басабы деген сыяктуу талкуулар учурда апогейине жетип турган кез.

Бүгүнкү күндө бул эки лидердин ортосуна чок таштап, бири-бирине саламга келбей тургандай, бет карашкыс кылып жик салууга болгон аракеттер күч алды. Буга чейин тымызын кайраштыруу аракети көрүлүп келсе, азыркы тапта ачык эле учкундан жалын чыгарууга болгон шахматтык жүрүштөр башталды. Буга маалымат каражаттарына айрым бир адамдардын ооз менен айтылып жарыяланып жаткан имиш иретиндеги Жээнбеков менен Атамбаевдин намысына тийип, кайраштырууну көздөгөн маалыматтардын байма-бай чыгып жатышы далил болуп берет. Маселен,  “Жаңы ордо” гезити Атамбаев Астанага учуп жаткан Жээнбековго “Астанага сен барбайсың, Сапар Исаков барсын” – деп талап кылганын, Жээнбеков «Өлкө башчылары чогулган жерге өкмөт башчысы барбайт. Өзүм барам», — деп кетип калганын жазды.  Эдил Байсалов социалдык “Твиттер” баракчасына «Атамбаев мамлекеттик резиденциядагы өзүнүн дачасынан Жээнбековдун дачасына чейин жөө-жалаң жетип барыптыр. “Мен сени 3% рейтингиңден көтөрүп президент кылгам” – деп кыйкырыптыр, Соке болсо: “Мени эл шайлаган!” – деп жооп кылыптыр» — деп жазып, бул имишти өтө олуттуу кишилерден укканын кошумчалады.

Ал ортодо “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев: «Эгер экс-прези­дент баштап берген ишти улантпаса, анда Сооронбай Шариповичке 6 жыл иштөө кыйын бо­луп калат. Азыр көрүп жатабыз, тегерегине жакшы эмес адамдар жыйналып жатат. Ошолордон бир аз этияттаса жакшы болоор эле. Ошондой жаман адамдардын тилине кирип Акаев менен Бакиев эмне болду? Ойлонуш керек», — деп коңгуроо какты. Ошондой эле «Саясатчы деген өз сөзүнө бек туруп, берген убадасын так аткарыш керек. Мисалы, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков “Эгер агам президент болуп шайланса депутаттык мандатымды тапшырам” деп убада кылган. Бирок алигиче ал убадасын аткарган жок. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу боюнча ар түрдүү сөздөр чыкпаш үчүн ал депутаттык креслосун таштап кетиш керек эле. Биз буга чейин өзүнүн туугандарын бийликке алып келген эки президентти көргөнбүз. Үчүнчүсүнө жол бербейбиз! Жээнбеков өз туугандарын бийликке жакындатпаган Атамбаевден үлгү алса болмок”, деген билдирүү жасады.

Мындай коңгуроону айрым саясатчылар Мискенбаевдин оозу менен Атамбаев эскертүү кылды дешип жоромолдошту.  Маселен, Равшан Жээнбеков: «Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаты Сооронбай Жээнбековдун президенттик мандатынын тагдырын чечет. Менимче, мурдагы СДПКчы депутат, апрелчи, экс-президент Атамбаевдин рупору Мискенбаевдин, бүгүнкү президент Жээнбековко жасаган басымы аябагандай маанилүү жана символикалуу. Бул билдирүү экс-президент Атамбаевдин бийликти жогото баштаганынын көрсөткүчү. Атамбаевдин сөзү, анын командысынын ичинде эки болбосун баарыбыз билебиз да…  Асылбек Жээнбеков мандатын мурдагы кулуардык сүйлөшүүлөргө карабастан тапшырбаганы, Атамбаев үчүн намысына, салмагына жана реалдуу бийлигине жасалган чоң сокку. Асылбек мурдагы спикер, азыркы депутат катары парламентте реалдуу лидерге айланып, агасына чоң колдоо көргөзүшү Атамбаевге дагы, анын тегерегине дагы жакпайт. Атамбаев жана анын тегереги Сооронбай Жээнбековго ушул себептен чабуул башташты. Катаал жана компромат пайдалануу менен…

Эгер президент Жээнбеков Атамбаевдин басымына көнүп, иниси Асылбекти депутаттыктан кетирсе, анда реалдуу бийлик Атамбаевде калат. Кетирбесе бийлик Жээнбековго өтө баштайт. Асылбек Жээнбековдун мандаты кимдин чыныгы президент экендигинин көрсөткүчү болот!» — деп, ачык эле кайраштыруу жыттанган оюн билдирип чыкты.

Мындай маалыматтык согуш жөн жеринен тутанбасын эске алдыбы же өткөн-кеткен окуяларды таразалап, калыс оюн кеч болуп кала электе билдирип коюну эп көрдүбү айтылуу Азимбек Бекназаров: “Бардыгы Алланын буйругу менен дегендей, экс-президент Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү, көпчүлүк элдин колдоосу менен Кыргызстандын бешинчи президенти болдуңуз. Буйрусун.

Сиз эч качан Акаев менен Бакиевдин кетирген тарыхый каталарын кайталоого укугуңуз жок. Алардын эң биринчи, башкы катасы – өздөрүн бийликке алып келген үзөңгүлөштөрүн, саясий-коомдук күчтөрдү жерип, кеңеш берсе душмандай көрүп куугунтуктап, алардын ордуна саясий сойкулардан команда курап, чет элдик кеңешчилерди күтүп, алардын айтуусу, шыкагы, мактоосу менен жаңы үй-бүлөлүк партияларын түзүп, ошолор менен өлкөнү башкарышканы болду. Натыйжада өлкөдө авторитаризмдин жаңы түрү — ​үй-бүлөлүк башкаруу режими орноп, мамлекеттик бийлик машинасы бир үй-бүлөгө кызмат кылып калган. Аягы эмне менен бүткөнүн эсиңизге салам.

Асты, өз партияңызды, командаңызды жаңыдан түзөм дебеңиз. Эгерде жаңы партия түзсөңүз, партияңызга кимдер мүчө болоору деле айдан ачык. Чет өлкөдөн же космостон жаңы адамдар келбейт. Баягылар, акчалуулар, саясий сойку-кошоматчылар эле кирет.

Өзүңүз туура белгилеп жүргөндөй, Жээнбековдор көп жылдан бери СДПКнын мүчөсү болуп жүрүп — ​элчи, губернатор, министр, премьер-министр, депутат, спикер, президент болдуңар. Жаңы партия түзүү — ​ичкен кудугуңа түкүргөндөй эле болот.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, эгерде сиз президент катары өз изимди тарыхта калтырам десеңиз өз партияңызды, командаңызды түзүүнү ойлобой, өлкөдө кандай реформаларды жүргүзүп, эмне иштерди кантип аткарасыз ошону ойлонуңуз. СДПКны ичинен тазалап, жаңылап, кеңейтип, жаңы багытты белгилеп, Атамбаев, андан мурдагы президенттер бүтүрө албаган же бүлүндүргөн иштерди аягына чыгарсаңыз, ошону менен тарыхта каласыз. Сиздин деле, Атамбаевдин мураскору катары өзүңүздүн жаңы кадамдар менен СДПКнын толук ишенимин алып, жалпы элдин президентине айланууга моралдык, саясий, укуктук жактан толук мүмкүнчүлүгүңүз бар», — деп президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоду.

Кыскасы, мындай билдирүүлөрдүн байма-бай чыгышы Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда карама-каршылыктар өөрчүп, жашырууга мүмкүн болбой калганын көрсөтүп,  ортодо достук, тилектештик эмес, атаандаштык, таасир талашуу тиреши күч алганы коомго дайын болду. Буга байланыштуу айрым саясатчылар, саясий-эксперттер өлкөдөгү саясий кырдаал, президент Сооронбай Жээнбековдун мындан аркы кадамы, элита чөйрөсүндөгү аткаминерлер ким тарапка оойт, КСДПнын 31-марттагы съездинен кийин белгилүү болоорун айтышууда. Баса, Алмазбек Атамбаев 7-апрель окуясын эскерүү иш-чарасына байланыштуу 10 миңдеген адам менен жөө жүрүш кылаары, президент Сооронбай Жээнбековго карата эскертүү сигналы экенин айткандар да жок эмес.

Арийне, учурда бийлик сересинде, анын ичинде күч структураларында экс-президенттин адамдары отурат. Сооронбай Жээнбеков жарым жылдан бери эч кимисин ордуларынан козгой алган жок. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ, Эсеп палатасы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы сыяктуу эң орчундуу тармактарга тиш салууга батына элек. Болгону Дамир Сагынбаевди Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындады. Дамир Сагынбаев кызматка киришээри менен дароо президент УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат акыркы бир нече жыл ичинде токтоткон жана кыскарткан кылмыш иштерин Башкы прокуратурага өткөрүп берүү талабын койгонун айтып чыкты. Бул жагдайды саясий-эксперттер коррупцияга каршы күрөштү күчөтөм деген президент, күч тармагын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев аркылуу көзөмөлдөөгө аракет кылып жатат деп божомолдошту.

Айтор, мансап, таасир талашунун кесепетинен учурдагы президент менен экс-президенттин алакасынын муздашы өлкөбүздүн саясий-экономикалык абалына таасир тийгизиши мүмкүн. Анткени мамлекеттеги саясий туруктуулукка доо кетип, кландык, регионалдык кызыкчылыктардын кагылышы нааразычылыктарды жаратып, бөлүнүп-жарылууга түртөт. Бул жакшы жышаан эмес.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here