—  Рыскелди Чыныбекович, КСДПнын фракция жыйынында өкмөттүн кылмыштуулук менен күрөшкөн күч структура башчыларына айткан өзгөчө катуу сын-пикириңиз азыркы күндүн эң актуалдуу маселесине айланып, аны талкуулагандар ашып-ташып барат. Социалдык тармактарды айтпай эле коёлу. Дегеле, акыркы кездерде айткан  ар бир аргументтүү сын-пикириңизге коомчулуктун колдоосу күч. Мунун кандайдыр бир себептери барбы?

—  Айрым саясатчылар, кээ бир массалык маалымат каражаттары жазып калып жатпайбы, “Момбеков тигил тараптан бул тарапка өтүптүр”, “Атамбаевди сатыптыр да, Жээнбековго качыптыр” кыязында. Мен ошондой обу жок, орду жок саясатчыларга, серепчи сөрөйлөргө, эксперт чалыштарга эскерте кетейинчи, мен саясатта эч кимди саткан эмесмин, эч жакка качкан эмесмин. Бул биринчиден. Экинчиден, быйыл менин саясаттагы сапарымдын он сегизинчи жазы, ошонун он жылын оппозиция чөлкөмүндө өткөргөм. Тактап айтканда, оппозициялык журналист катары Акаевдин бийлигин да, Бакиевдин бийлигин да он жыл бою орду менен армансыз, тынымсыз сындап келгем. Азыркы мага сын айтып жаткандардын көпчүлүгү ошол кездеги менин оппоненттерим. Андыктан алардын мага болгон ичи тарлыгын түшүнсөм болот. Үчүнчүдөн, мен бийликтин кайсы тармагында болбоюн, ар дайым өз пикиримди ачык билдирип келгем жана билдире берем. Ал эми аткаруу бийлигине болгон акыркы кездердеги акааратымдын артында эч кандай саясат жок. Болгону алардын азыркы күндөгү ары алсыз, ары акылсыз аракетине аябай ачуум келди, анан айтышка туура келди.

—  Азыркы өкмөт башчыбыз Сапар Исаковдун ишмердигине көз карашыңыз кандай?

—  Башында сөз козгоп кетпедимби, ичи тар тырмакчадагы саясатчылар жөнүндө. Оболу ошондой сасык саясатчылардын, чийки баш чиновниктердин оозунан чыгып жатат да, “Момбеков Исаковдун ишине нааразы жана анын өкмөтүнө каршы” деген кептер. Сапар Жумакадырович менен жеке мамилем жакшы. Анын мага болгон сый-урматы бар, мен аны жогору баалайм жана өзүнө да ошондой мамиле жасайм. Керектүү учурларда кезигишип турабыз, кезиге албасак телефон аркылуу байланышып турабыз. Ал эми өкмөттүн дарегине мен тарабынан айтылган сындарга терчигип-текеберленгенин уга элекмин. Кайсы бир пикириме кайчы пикири болсо ачык эле айтат: “Байкеси, бул жериңиз туура эмес болуп калды, ал жакта мындай маселе бар…” – деп. Мен аны туура кабыл алам. Дегеле, мен депутат болгону Темир Аргенбаевичтин  өкмөтүн деле тепкилегем, Сооронбай Шариповичтин өкмөтүн деле согуп келгем. Азыр Сапар Жумакадыровичтин өкмөтүн деле сазайын берип келем. Бул менин аларды кетирүү аракетим эмес, калыска, намыска келтирүү аракетим. Кыргыздын жакшы сөзү бар: “дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат” деген. Мен Сапар Жумакадыровичтин өзүнө деле айткам, өкмөтүңдүн жаман жактарын мен айтайын жаман көрбө, жакшыларын жаныңдагылар айтсын деп.

—  Бирок бир партиянын, бир команданын мүчөсү болуп туруп бийликке сын айтканыңызды башкалар башкача кабыл алып жатпайбы? Буга кандай дейсиз?

—  Бири-бирин мактап келген Акаевдердин “Алга Кыргызстаны” эмне болду?! Бийликке бир сын айта албаган Бакиевдердин “Ак жол” партиясы эмне болду?! Мен мүчө болгон КСДП партиясы алардын жолун кайталабаш керек. Менин катардагы партиялаштарымдын менин саясаттагы кадамдарымды катуу колдоп жатканын жакшы билем. Өзүбүз алып келген бийликти өстүрөбүз десек сындаш керек, өлтүрөбүз десек макташ керек. Орустар айтат эмеспи, “бей своих, чтобы чужие боялись” деп. Андыктан өзүбүздүн өкмөттү өзгөлөр өзөртө тепкиче, өзүбүз көгөртө тебишибиз керек. Партиянын кадыр-баркын, ар-намысын анын ар бир мүчөсү коргош керек, колдош керек. Мен алымдын жетишинче, акылымдын жетишинче партиямдын аброюн көтөргөнгө аракет кылып келем.  Менин ушундай кадамдарымды кимдер кандай баалайт, ачыгын айтканда андайга башымды ооруткум келбейт.

— Азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович менен мурдагы президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин ортосунда башкаруу багытындагы саясий пикир келишпестиктер пайда болуп, анын аркасы менен азыркы өкмөт башчыбыз Сапар Жумакадырович менен Сооронбай Шариповичтин ортосундагы мамилелер дагы салкындай түшкөнүн саясатчылар кеп кыла башташты. Ошондой кырдаалдын орду барбы?

— Азыркы өлкө башчыбыз да, азыркы өкмөт башчыбыз да, ачыгын айтканда экөө тең Алмазбек Шаршеновичтин амири менен ооматка келип отурушту да. Оомат деген оокат эмес, дасторкон жайса эле келе бергидей. Бир адамдын кадрлары болгондон кийин бирдикте иш алып барышы кажет дечи. Бирок бир атанын балдары деле бирдей боло албайт да. Андыктан талаш-тартыш болуп, кайчы, калыс пикирлер кагылышып турган жакшы дечи, бара турган жери, бага турган эли бир болгондон кийин. Менимче, кадр саясаты боюнча кайчы пикирлер бар анча-мынча. Өлкө башчысы менен өкмөт башчынын кагылышын каалагандардын карааны кадам сайын көбөйүп бара жатат. Ачыгын айтсам, азыр Атамбаев менен Жээнбековдун ажырашын кызыткандар мындан көп, кызыккандар андан көп.  Эптеп эле экөөсүнүн ортосуна шынаа кагып ажыраштырып, анан саясат майданына кайра келе турган күчтөрдүн ана башында Акаев менен Бакиев жана алардын бул жактагы тарапкерлери турат. Буга жол бербешибиз керек. Жыйынтыктап айтканда, Сооронбай Шарипович кастыкка барбашы керек, Сапар Жумакадырович жаштыкка салбашы керек. Эгер майда-бараттан мамилелер өзгөрө баштаса, анда Алмазбек Шаршенович калыс пикирин айтышы кажет. Акыркы сөз, акыйкат сөз Алмазбек Шаршеновичте экенин билгендиктенби, азыркы күндө элдин эки кулагы КСДПнын курултайын аңдып калды. Мен жогоруда кеп болгон үч адамдын баары менен жакшымын. Дегеним, баарынын бары жакшы.

— Апрель айында Сапар Жумакадыровичтин өкмөтү отставкага кетет деген кептерди сиздин кесиптештериңиз деле айтып калышты, буга кандай дейсиз?

—  Азыркы өкмөттү отставкага кетиргенге эч кимдин моралдык акысы жок. Бул биринчи. Экинчиден, азыркы өкмөттү кетириш үчүн азыркы учурда негиз жок. Туура, апрель айынын башында өкмөттүн отчёту келет. Ал 2017-жылдын отчёту, анын көбүнө азыркы өлкө башчыбыз, азына азыркы өкмөт башчыбыз жоопкер. Жыйынтыгы жакшы чыккан. Азыркы өкмөттүн аракетин бир эле факты менен айтайынчы, Бажы кызматы быйылкы жылга коюлган планын алты айда эле аткара турган темп менен келе жатат. Маселен, январь айында пландан тышкары 903 миллион сом түшүрсө, февралда 600 миллионго жакын акча каражаттын бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизди. 1.5 миллиард сомду бир кызмат эки айда таап жатса, анан ага асылган акмактык да. Кырк кадамдын алгачкы кадамын сурай турган кез келет, бирок азыр эмес, бир жылдан кийин.

                                                                                                                       Маектешкен Мирлан Алымбаев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here