Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Мьянма курама командасы менен беттеште %61 эсебинде утуп алганы белгилүү болду. Бул жеңиш кыргыз футболчуларын  эми  Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жеткирди.

Кыргызстанга тиешелүү голдорду Ислам Шамшиев,Антон Землянухин,  Виталий Люкс жана Бекжан Сагынбаевдер киргизишкен.

Кыргызстандын Футбол федерациясы кыргыз футболчуларынын бул жеңиши тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын Азия чемпионатында ойноосуна шарт түзүп бергенин билдирди. Айта кетсек, Мьянма командасы менен биздин команданын беттеши былтыр өтмөк, бирок ал белгилүү себептерден улам токтотулган болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here