Эгер аялдын боюна бүтсө, ал бир нерсени эстей жүрүш керек – курсактагы ымыркай бардык жакшы жана жаман көз ирмемдерди бирге бөлүшөт.

29-жумасынан баштап анын бардык сезүү органдары өрчүп, даамды, жытты ж.б. ажырата сезип баштайт. Ошондуктан кош бойлуу аял, бала менен физикалык эле эмес, эмоциялык да байланышы бар экенин биле жүрүшү керек. Эми ага кайгырганга же капаланганга болбойт, себеби ал жалгыз эмес.

Кош бойлуу аял сүйүнгөндө, кан эндофрин бөлүп чыгарат, жана бала энеси менен чогуу кубанат. Ал эми, эгер эне ыйласа, канда кортизол (стресс гормону) бөлүнүп чыгат, ал дагы курсактагы балага өтөт. Ошентип бала энеси менен кошо кайгырат. Ошондуктан, балаңыз шайыр болуп төрөлсүн десеңиз, эмоцияларыңызды контролдоңуз. Албетте, кош бойлуулук убагындагы гормоналдык бузулуу себепсиз стрессти көкүтүшү мүмкүн, бирок, эстеп коюңуз, ымыркай сиздин абалыңызды дайым сезип турат. Ал үчүн чыдап коюңуз

Булак:anan.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here