—Гуламжан мырза, эл уга элек дагы кандай жакшы жаңылыктарыңыз бар?

Дагы бир жакшы жаңылык айтайын.  Кыргызстан боюнча эң чоң тегирмен, ал эми союз мамлекеттери боюнча 3-орунда турган, 100 миң тонна сактай турган тегирменди  өзүбүздөн оптимизация жүргүзүп, 14 штат менен жакында ишке бердик. Бул уникалдуу тегирмен 20 жылга жакын убакыттан бери иштебептир, анын үстүнө жарым-жартылай да жеке менчик колдорго да өтүп кеткен. Азыр бул маселе боюнча да соттук териштирүү жүрүп жатат. Жакшы жери, эми  Кыргызстандын түндүгүнөн сатып алынган буудайды мына ошол тегирмендин буудай сактоочу жайына талапка ылайык сактоо боюнча чечим кабыл алдык. Кудай буйруса, Түндүк-Түштүк альтернатива жолу ачылып калса, түштүктөн да алынган буудайларды ошол Балыкчыга сактоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эмнеге дегенде биздин фонд жыл сайын элден алган буудайларыбызды сактоо үчүн буудай сактоочу жайларга, адамдарга  20 миллион сомдой акчаны сарптайт экен. Ал эми Балыкчыда сактасак, биз  болгону 7-8 миллион коротобуз. Ошондо биз 10-12 миллион сом акчаны үнөмдөөгө жетишебиз.

Буга чейин Мамлекеттик материалдык фондун жетектеген айрым бир жетекчилердин, маселен Пайзула Рахманов дегендин миллиондогон каражатты өз кызыкчылыгына жумшаганы боюнча  ЖМКда көп айтылып, көп жазылды. Бул боюнча эмне айтасыз?

Ал адамдын жетекчи болуп турганда жасаган иштерин көрүп  туруп фондго, мамлекетке эбегейсиз зыян кылган деп айта алабыз. Азыркы күнгө чейин сотто каралып жаткан иштерибиз ошол адамдардын учурунда болгон кылмыш иштер. Ал учурда мамлекеттик сатып алуулар да биздин фонддо болгон. Бир, экөөсүн айталы.  Малабаев, Имминов, Исматтулев деген адамдар ошол Рахмановдун аткаруучу адамдары. Аларга 36 миллион сом карыз жазылган. Төлөнбөй ошол бойдон калган. Дагы 180 миллион,  20 миллион ж.б. боюнча да  аягына чыкпай калган кылмыш иштер бар.

—Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык фондусунда кандай азык-түлүктөр сакталууда?

—Бул маселени толугу менен айта албайбыз. Себеби, мамлекеттик сыр катары да эсептелет. Бир аз кыскача айтып берейин. Биз элден буудай алабыз. Ал буудайды ун кылууга шартыбыз бар. Бирок аз ун кылбай эле турабыз, анткени биздин базарларга Казакстандан арзан ун кирип жатпайбы. Андыктан аларга биз атаандаштык жарата албайбыз, айтор бул жагы бизге пайдасыз да.  Бирок бир аз ун кылуу максатыбыз бар. Биз сактай турган азык-түлүктөрдүн санын  көбөйтөлү деген аракеттин үстүндө болуп жатабыз. Ал эми буга чейин жер семирткичтерди сатып алып келген болсок, азырынча аны токтоттук. Эмнеге дегенде бизнес тармактарынын ишине кийлигишпейли деп жатабыз.

—Өткөн жылы элден канча тонна буудай сатып алдыңыздар?

—Өкмөт бизге жыл сайын элден бир канча тонна буудай сатып алууга токтом чыгарып берет. Биз буудайдын жабышкагы туура келсе, түз эле элден ала беребиз. Былтыр биз 15 миң тонна буудай алышыбыз керек эле, бирок Каржы министрлигинин бизге бөлүп берген акчасына жараша 10 миң 487 тоннадан ашык буудайды  алып, тапшырманы 71 пайызга аткардык. Буга 40 миллион сомго жакын каражат сарпталды. Мындан тышкары, фонддогу көп чоң маселелерди мурунку жетекчилер өздөрү эле чечим кабыл алып келген болсо, мен андай кылбай азыр атайын комиссия түзүп койгонбуз. Көп маанилүү маселелер боюнча ошол комиссиядагы адамдар бирдиктүү чечим чыгарышат. Ушул комиссиянын натыйжасы деп айтсак болот. Биз учурунда карыздардан өндүргөн Бишкекте бир кафебиз бар. Аны 50 миңге ижарага берип жүрүшкөн экен, аны азыр 70 миң сомго ижарага бердик. Дебитордук карызды өндүрүүгө көп көңүл буруп жатам, бизде өндүрүп алууга болбой турган 123 миллион сом карызыбыз бар деп айтпадымбы. Азыр ошол боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Ал боюнча дагы жыйынтыктар билине баштаганда айтып берели.

—Соңку суроо болсун. Сиз бул кызматка келгенде айрым маалымат каражаттары: “Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы, ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин тууганы экен. Өмүр бою милиция болуп иштеген адам экономикалык багыттагы мекемени кантип башкарат?”- деп жазып чыгышты эле, сын катары. Бул маселени өз оозуңуздан уксак…

—Алиярбек Абжалиев менен айылдашмын. Эч кандай тууганчылыгым жок. Сооронбай Шарипович менен да туугандык байланышым жок. Бул кызматты мага ишенип, алдыга жылдырат деп, дайындашты. Буйруса, ишеничти актап, фонддун аброюн арттыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Колдон келишинче коррупция менен күрөш жүргүзүп жатабыз. Ал эми экономика, каржы маселесинен жакшы түшүнүгүм бар. Мен милицияда  12 жыл экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында иштедим. Андан кийин, Каржы полициясында 6 жылдай эмгектендим. Бул кызматка келгенче Баңгизатка каршы күрөшүү кызматында иштедик. Ушундан улам мен каржы, экономика маселесин тышынан эмес, ичинен билем. Ошондуктан мага бул кызмат оңой болду деп айтсам болот.

 

Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here