«Түндүк электро» ААК- Кыргыз Республикасындагы алдыңкы энергия камсыздоочу   уюм жана өзүн өзү актоо принцибинде Кыргызстанда ички рынок үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 50% ашыгын бөлүштүрүү жана сатууну ишке ашырып, Чүй, Талас  облустарынын, Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу 35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарын оперативдүү  тейлөөнү жүргүзөт.

Аба, кабелдик, жогорку жана төмөнкү вольттуу электр тармактарын, энергетика жабдууларын  тейлөөнү, ошондой эле электр энергияны сатып алуу, бөлүштүрүү, сатуу ишмердигин 20  аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзөт. “Северэлектро” ААКнын  курамында 17 райондук электр тармак (РЭТ) бар.   Акционердик коомдун үч миңден ашуун кызматкерлери 565 миңден ашуун жеке жана  юридикалык жактарды тейлешет.

—Искендер мырза, январь айындагы Бишкек шаарындагы ЖЭБде болгон авария энергетиктерге катуу сыноо болду окшойт. Ал күндөрү «Северэлектро» бөлүштүрүү тармактары кандай иштеди?

—Биринчиден, кырдаалга түшүнүү менен караган шаар тургундарына ыраазычылыгымды билдиргим келет.  Жылуулук энергия борборунда катталган кырдаалдын кесепетинен Бишкек шаарында электр энергияны керектөө эки эсе жогорулады: күнүнө шаардыктар пландаштырылган 10,8 млн. кВт сааттын ордуна 19 млн. кВ саат керектешти. Жүктөмдүн жогорулашына карабастан, «Северэлектро» ААКнын жогорку вольттогу бөлүштүрүү тармактары штаттык режимде иштешти. Кыскасы, бир аз кыйынчылыктарды тез аранын ичинде жоюга болгон мүмкүнчүлүк жумшалды.

Бир сөз менен айтканда проффесионалдардын  күч-аракетинин артынан электр тармактарындагы чоң технологиялык бузулууларга кабылган жокпуз. 2017-жылдын ичинде биз 35/10 кВ чыңалуусундагы жогорку вольттогу көмөкчордондордун кубаттуулуктарын 18 миң киловольт-амперге жогорулаттык. Жогорку вольттогу көмөкчордондордун күч трансформаторлорун алмаштыруудан сырткары, былтыркы жылы биз Бишкек шаарына, Чүй жана Талас облустарына пландаштырылган 41 кошумча трансформатордук көмөкчордондун ордуна 55ти орноттук,  ошондой эле 41 чакырым кабелдик линияларын алмаштырдык, 119 чакырым аба электр чубалгыларын реконструкциялап, өзүн -өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен 371 чакырым 0,4 кВ аба электр чубалгыларын курдук. Бирок чынында январь айындагы ЖЭБде болгон авария дагы бир жолу энергетика тармагы инвестициялык салымга жана техникалык жактан камсыздандырууга муктаж экендигин далилдеди

—Төлөм чогултуу кандай болуп жатат?

 —Былтыркы жылга салыштырмалуу төлөм чогултуу деңгээли жогорулап, биз тараптан 7,5 млрд. сом чогултулду. Биз райондук электр тармактарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруудабыз. Себеби, өндүрүш кызматтары муктаж болгон жабдуулар менен камсыздалбаса, ишенимдүү электр энергия менен камсыздоо, электр энергиянын авариялык өчүрүүлөрүн оперативдүү жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Эскирген автопаркты жаңылоонун чегинде 2017-жылы “Северэлектро” ААК 100 млн. сомдон ашуун каржыга 36 даана атайын техника сатып алган. Акционердик коом акырындыктан эскирген техника паркын алмаштыруу менен бардык өндүрүш кызматтарды муктаж болгон атайын техника менен камсыз кылууну пландоодо.

—Бөлүштүрүүдө компания кандай көйгөйлөргө туш келет жана ал анын ишмердүлүгүнө кандай таасир этет?

—Учурда энергетика тармагындагы компаниялардын киреше маселеси алардын көргөн чаралары менен гана чечилип калбайт. Бизде тариф темасы калкка багытталгындыктан, ал теманы козгобойбуз. Дагы бир бизге туш болуп туруучу көйгөй – аба ырайынын шартынан улам бир сутканын, аптанын жана жылдын ичинде абоненттердин электр энергияны бирдей эмес керектөөсү.Мисалга, күнүмдүк электр энергиянын керектөөсүнүн туу чокусу эртең мененкиге жана кечкиге туш келет, себеби, эл жумуштан үйгө келет да, бүт турмуш-тиричилик электр техникаларын жандырат. Мында тармакка болгон жүктөм чукул жогорулап кетет.   Дагы бир сектордогу жоготууларга алып келген себептердин бири — эски жабдуулар жана совет доорунда эле тартылган чубалгылар. «Северэлектро» ААКнын балансында 20 миң чакырымдан ашуун аба электр чубалгылары бар. Анын ичинен 11 миң 250 чакырымы турмуш-тиричиликти керектөөчүлөргө каралган төмөнкү чыңалуудагы чубалгылар. Чубалгыларды тартуу алдында эсеп жүргүзүлгөн, ал эсепке ылайык ар бир үйдө бир нече эле лампочка, телевизор, муздаткыч жана башка техникалар эле болуш керек эле.  Бирок, ал учурдан тарта бизде калктын саны да, турмуш-тиричилик техниканын саны да көбөйүүдө. Демек, электр энергиянын керектөө көлөмү да жогорулады, ал эми биз ошол эле эски тармактардан электр энергиянын көп көлөмүн өткөрүшүбүз керек. Ал эми чубалгылардын өткөрүмдүлүгү буга каралган эмес, ошондуктан, энергия, көркөм тил  менен айтканда “чайпалып-чачылып”, каалабаган бирок кача албаган жоготууларга алып келүүдө. Бул энергетика тармагынын бардык көйгөйлөрү эмес, бул бир кичине бөлүгү.

Булак: Багыт кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here