—Жоготууларды төмөндөтүү үчүн кандай кадамдар жасалууда?

—Жоготуулар боюнча айтсак, 2010-жылга чейин көрсөткүчтөр 35-40% чейин жетчи, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин компаниянын жоготуулары 12,65 %ды түздү. Биз уюштуруу чараларын көрүп, өз ишин так билбеген кызматкерлердин ишинен баш тартып, каржыны жабдуулардын реконструкциясына жумшадык.Электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасына (ЭКЭАМЧАС) кошулган GSM стандартындагы байланыш модулу менен болгон “акылдуу” эсептегичтеринен Бишкек шаарына 119 миң, Чүй облусуна-57 миң, Талас облусуна-8 697 даанасы орнотулду. Бул кадам жакшы эффект берди. Эми биз өзүбүздүн серверибиз аркылуу ар бир абоненттин керектөөсүн биле алабыз. Эгерде биз эсептегичтин ишине тыштан кирүүгө жасалган аракеттерди байкасак, биз ошол замат электр тогун берүүнү токтотуп же кубаттуулукту чектеп коё алабыз, биз мындай иш-аракеттерди төлөмдөрдү жүргүзбөгөндө да жасайбыз. Мунун негизинде биз төлөм чогултууну жогорулатып, жоготууларды төмөндөтө алдык. Биз адам факторунун таасирин төмөндөтүүгө жетиштик, учурда негизинен технологиялык фактор калды.

Эски чубалгыларды өзүн өзү изоляциялаган (СИП) өткөрүмдүлүгү жогору болгон зымдарга алмаштырууга убакыт келди. Алар кыска туташуу, асылып туруу, абоненттердин мыйзамсыз аба чубалгыларына кошулуу көйгөйлөрүнөн кутулууга жардам берет. Компания 2012-2017-ж.ж. аралыгында Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 956 чакырымын реконструкциялады, анын натыйжасында авариялык өчүрүүлөр кескин азайды. Былтыркы жылга салыштырмалуу авариялардын саны 9% төмөндөдү. Биздин калган төмөн чыңалуудагы 10 миң чакырым аба электр чубалгыларын реконструкциялаш үчүн (бул Владивостоктон Лондонго чейинки аралыкка барабар) орточо эсеп менен 12 млрд. сом керектелет. Буга кетириле турган чыгымдарды тарифке киргизиш керек.

 

—Сиз электр тармактарын реконструкциялоо маселесин көтөрдүңүз.  Учурда компания кайсыл нвест долбоорлордун үстүндө иштөөдө?

«Северэлектро» ААК электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу  жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда. Аталган долбоор «Северэлектро» ААК ишке ашырып жаткан KfW  Германия өнүгүү банкынын каржылоосундагы “Электр бөлүштүрүү тармактарынын эфективдүүлүгүн жогорулатуу” жана “Бишкек шаарынын жеке тармактарын чыңдоо” инвестдолбоорлордун табигый уландысы болуп саналат. Электр камсыздоонун эсеп берүүсүн жакшыртуу жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоору «Северэлектро» ААК тейлеген Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында электр камсыздоосунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле акционердик коомдун ишмердүүлүгүн башкаруу операциясын жакшыртууга багытталган. Долбоорго Дүйнөлүк банк тараптан 25 млн.АКШ доллары бөлүнгөн жана ал долбоор 2016-2019- ж.ж. ишке ашырылат. Артыкчылык инвестициялардын жардамы менен бөлүштүрүү тармактарындагы жоготууларды төмөндөтүүнү жана электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууну көздөгөн долбоордун компоненттеринин бири “Инфраструктураны инвестициялоо” Бишкек шаарындагы үч жогорку вольттогу жаңы көмөкчордондордун курулушун жана Чүй облусундагы ири өндүрүш абоненттер үчүн өлчөөчү жабдууну инвестициялоону камтыйт. Эки  35/10 кВ  чыңалуусундагы көмөкчордондорду биз Бишкек шаарынын борбор бөлүгүндө жана 3-кичирайонунда курдук. Ал эми үчүнчү 110/35/6 (10) кВ чыңалуусундагы жогорку вольттогу «Бишкек»  көмөкчордонунун курулушуна Т.Айтматов-Салиева, Саратовская көчөлөрүнүн участогу каралып, соңуна чыгып калды.  Борбор калаабыздын келечектеги өнүгүүсүн эске алсак, кийинки жылдары кубаттуулуктун дефицити жогорулап, 40 мегаваттка (МВт) жакын кубаттуулукту түзмөкчү. Кубаттуулуктун жетишсиздигин шаардын борбордук бөлүгүнө жаңы кубаттуулукту киргизүүнүн эсебинен чечүү мүмкүн. Ошондуктан, ар биринин кубаттуулугу 40 мегавольт-амперди түзгөн эки күч трансформаторлуу жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонунун курулушу борбор калаабыздын ортосундагы жайгашкан 35 кВ көмөкчордондорунун жүктөмүнүн азайышын камсыздай алат. Муну менен башка жогорку вольттогу көмөкчордондордун жүктөмүн бөлуштүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Баса белгилей кетчү нерсе, «Бишкек» көмөкчордонунун ишке киргизилиши менен 40 МВт чейинки жалпы кубаттуулукту түзгөн кайра киргизилип жаткан объектилер электр тармактарга кошула алат. Андан соң бара-бара  6 кВ чыңалуудагы тармактарды 10кВ которууну мерчемдеп жатабыз. Бошогон 35 кВ күч трансформаторлорун борбордогу жаңы конуштардын, кичирайондордун бөлүштүрүү тармактарынын мындан аркы өнүгүүсүнө колдонууну божомолдоп жатабыз.

Көрсөткөн кызматтын сапатын жогорулатуу боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?

—Биз кардарга багытталган мамилени коомдун ишмердүүлүгүнө жайылтуунун жана сапаттуу тейлөөнү стратегиялык өнүгүүнүн артыкчылыктарына киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. “Северэлектро” ААК төлөө терминалынан электр энергияга жургүзүлгөн эсеп тууралуу билдирме ошол замат “Северэлектро” ААКнын маалымат базасына келиш үчүн төлөмдөрдү учурдагы убакыт режиминде кабыл алуу  долбоорун ишке киргизди. Мурда жүргүзгөн төлөмү тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААКнын маалымат базасына бир канча убакыт өткөн соң түшүсү абонентке да, компанияга да ыңгайсыздыктарды жаратчу. Жыйынтыгында, керектөөчү мөөнөтүнөн өткөн төлөмдөр жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат түшмөйүнчө электр энергиясыз калчу.  Жакынкы арада бөлүштүрүүдө компания бардык жердеги төлөм системалар сегментинде этаптуу “on-line” төлөмдөрдү киргизүүнү мерчемдеп жатат. Бүгүнкү күндө “Северэлектро” ААК Кыргызстандагы төлөм система сегментинде көрсөтүлгөн бардык компаниялар менен иштешет.Учурда биздин компаниянын колл-борбору (1209 номурундагы) күнү-түнү Бишкек шаарынын жана Чүй облусундагы Аламүдүн, Сокулук райондорунун керектөөчүлөрүнүн сурамдарын оперативдүү телефон аркылуу тейлеп келет. Ошондой эле, жогоруда аталган райондордун абоненттери өздөрүнүн кайрылууларын, нааразычылыктарын 0772 00 12 09 номурундагы WhatsApp уюлдук тиркемеси аркылуу билдире алышат.

2017-жылдын сентябрь айынын биринчи күндөрүнөн тарта Бишкек шаарынын 253 миңге жакын абоненттерине “Северэлектро” ААКнын Тейлөө борбору кызмат көрсөтүүдө.  Тейлөө борбору Тоголок Молдо, №70А дарегинде жайгашкан. Күнүнө борборго электр энергияны эсепке алуу приборун орнотуу,алмаштыруу жана аны мыйзамдаштыруу, объектти техникалык жактан текшерүү, өздүк эсебин (турмуш-тиричилик абоненттери) башкага каттоо, эсеп-дүмүрчөктөрдү оңдоо максатында күнүнө борборго орточо эсеп менен 800гө жакын абоненттер табыштамалары менен кайрылышат. Былтыркы жылдын төрт айынын ичинде борборго “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына кошулуу үчүн техникалык шарт алууга 1148 табыштама түшкөн.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here