Кайран гана коррупция, кыргыз башына азапты салдың го! Нечен бир азамат жигиттерди, сурайылдай сулуу аялдарды ныгыра бастың го! Эми сенден кантип кутулдук?!

Ооба, «эми сенден кантип кутулдук» деген суроо коррупционер эместердин, демек, калктын басымдуу көпчүлүгүнүн, бей-бечараларынын күнүмдүк суроосу болуп, бирок, ага тыңгылыктуу, үмүттүү, жакшылык жылоологон жообу табылбай турат. Коррупционерлер болсо, берки тарапты шылдыңдай карап, «билген богуңарды жей бергиле» дегенден арбын айтып, ошол коррупциялык жолу менен зымырайт! Айла не?!

Бүтүндөй Кыргызстанды коррупция басканын азыр официалдуу түрдө айта баштадык, президент Жээнбеков дагы, спикер Жумабеков дагы, премьер-министр Исаков дагы, бүтүндөй калганыбыз да айтып жатабыз. А тургай кайсы жерде кандай коррупция бар экендигин дааналап, тактап, бышыктап айтып түгөтө албайбыз! Анан эмне аны жое албай жатабыз?! Анткени, бийлик рычагын кармагандардын дээрдик баарын коррупция бийлеп алган! Өзгөчө, коррупцияга алгачкылардан сокку урчу органдар: соттор, прокуратура, Ички иштер министрлиги, коррупцияга каршы күрөшүүчү кызмат, буларга кошулуп Бажы кызматы менен Салык кызматы өздөрү коррупциянын сазына катуу батып калган. Эми ал жактан чыга албайт, чыкканга аракеттери да жок, аракет кылса, сазга огобетер батат… Анан эмей, аракеттер таптакыр эле жок эмес, чогулуштарда, талкууларда, кезигишүүлөрдө, кайрылууларда, салтанаттарда … коррупция менен аябагандай катуу күрөшүп жатабыз, карандай сөз менен гана… тегирменге каршы чабуулга өткөн Дон Кихот сонун мисал болуп бере алат… Биздин бийлик «жылаңач королдун» ролунда эмеспи?..

Туура, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы катуу сокку ура турганын айтып жатат. Ал жакшы. Бирок, карандай турмушта  анысы кандай ишке ашар экен? Ушундай ишенбөөчүлүк туудурган суроону аргасыздан беребиз. Анткени, анын кол алдындагылардын көбү коррупциянын даамын жакшы татып, эми ансыз жашай албай тургандай абалдагылар эмеспи! Алардын айласы не болот?! «Коррупционерлердин баарын айдайм» десе, анда үч-төрт кишиси менен эле калат го?! Муну кантти?!

Мурунку заманда «мамлекет башчыбыз билбей жатат, тегерегиндегилер турмушту сонун кылып айтып берип, ошолор бузуп жатат» дечү элек. Эми болсо, президент да, спикер да, премьер да негативдердин баарын дапдаана көрүп-билип турат. Анан эмне абал оңдолбойт? Менимче, эч кимди аябаган чечкиндүүлүк, эрк жетишпей жатат! Баарын айтканга эрк жетишет, анан эмне чара көргөнгө эрк жетишпейт?! Дал ушул жерде коррупциянын бийлигинде калган «кыргызчылыктын» элементтери ойноп кетип жатат…

Өткөн жылдын 25-декабрында катуу суук болуп Бишкектеги жылуулук борбору мындай суукка даяр эмес экендигин даана көрсөттү. Айла жок айта бересиң да: бул борбор Кытайдан алган 386 миллион доллардын эсебинен оңдолгон. Мындай суммага жапжаңы Борбор салса болот дегендер бар. Эми ошол окуяны изилдеген Өкмөт ары-бери ойкуштатып чыныгы күнөөлүүлөр кимдер, жогорудагы эбегейсиз сумма кандай чыгымдалгандыгын даана айталбай күңк-мыңк. Дал ошол шаардыктарды  үшүттүргөндөн  кийин Калиевди баш кылып, электр тармагындагы бардык чоңдорду айдаш керек болчу, кылмыш жообуна тартыш керек болчу! Антишкен жок, эми «ошонусу ошо» боло берет… Азыр парламент комиссиясынын так жыйынтыгы чыга элек. Алардын жыйынтыгы курч  болот экен деген кеп зуулдап жүрөт… Ай, ким билет?..

Андай болбосо болобу, коррупцияга каршы «катуу» иштеп жатышат. Мисалы, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өткөн жылы 485 кылмыш ишин ачыптыр. Кашайгырдыкы, ачканы го ачкан, бирок, анын 10% гана сотко жеткен тура. Ал жактан 37 гана коррупционер  соттолуптур. Көрдүңөрбү, иш жүргүзүмүш болгон- коррупцияга каршы күрөшүмүш болгон дегеним! Прокуратурада, ИИМде деле ушундай көрүнүш!

Ошондо кыргыз журтунун жалпы абалы кандай? Маселеге түшүнүп, анан ушинтип суроо коюп, саресеп салган адамдардын жүрөгү мыкчылары турулуу. Анткени, кенедей мамлекетибизди, бир ууч элибизди Батыш тараптан келип жаткан негативдер басып кетти. Ак көңүл жаралган эл жаман жосунга туруштук бере албай, ошонун эпкининде калат экен.

Жараткан адамдардын өңүн, тилин, мүнөзүн ар башка кылып жараткан тура. Анан Ата Журт бериптир. Айталы, биздин мүнөз менен тилибиз,  испандар менен чехтердикине, француз менен норвегиялыктарга, италян менен финдердикине  таптакыр окшобойт. Мына ошол элдердин  биздин менталитетке карама-каршы келген жосундарын кабыл алып ишмалдабыз чыгып жатпайбы. Улуу менен кичүүнүн ажырымы жоктук, аял менен эркектин ажырымы жоктук, гендер саясатын ашкере «түшүнүү», адам укугун ашкере колдонуу ж.б. Эми кыздарыбыз турсийдей болгон шортуларды кийип, жарым жылаңач боло ырдап жатат, түнкү клубдардагы көрүнүнштөрдү айтып не?!  Сойкулар чогулан жерде милийса кошо чогулуп жатат… Кыпкыргыздын балдары кыргыз тилди билбейт, «Манасты» билбейт, кыргыз жазуучулары жөнүндө түшүнүгү жок, килейген борборубуздагы жүзгө чукул мектептердин беш-алтоо эле кыргызча, келин менен кайнененин, күйөө бала менен кайнатанын ортосундагы ыйык мамиле өлгөн, ата менен бала, эне менен кызы соттошуп жатканы, ата-энесин бакпай карылар үйүнө өткөзүп жатканы, күйөөсүн жаткыза чапкан аңги катындар чыкты, өз кызын зордуктаган аталар чыкты, тфу! Булардын бети курусун! Баарыбыз эле жан кыйнабай, жыргал турмушта, бай турмушта жашоону эңсеп, ошонун аркасынан түшүп калдык көрүнөт… Акыры бир күн көргүлүктү көрөбүз го?..

Биз- кийинки муун эми оңолбойбуз, жаман-жашыбыз менен «тиякка» кетип беребиз. Бирок, мобу жаштарыбыз оң болсо болбойт беле!?

Кызыл дан берсең, кырманын сакта,

Кыргыздын кымбат ырларын сакта.

Кылымдын жолу кылтылдап турат,

Кыз-уулун берсең, ыйманын сакта!.. деп,

Шайлообекчесинен тиленгенден башка айла жок…

Автор:  Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here