Чыгармачылыктын чыйыр жолунда 15 жылдан бери тынымсыз эмгектенип келе жаткан А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын солисти , келечекте кыргызды  кыйырга  тааныта турган  опера ырчысы Адия Ысмайылова менен жакында маектешкен элек. Кеп кезегинде “Кичинекей кезимде радиодон уккан опера ырчыларын кайталап туурап элди күлдүрчү элем”-деп баса белгилеген маектешим чыгармачылыгы тууралуу  бизге буларды айтып берди.

“Бектур агайым менен Жаркын эжейим чыгармачылыгыма жол ачышты”

—Мектепте ыр-хор ийримине катышкан деле эмесмин. Кичинекей кезимде жайлоодо жүргөнүмдө эл радио угушчу эле. А мен радиодон уккан опера  ырчыларын кайталап туурап элди күлдүрчү элем. Мектепте ырчы болом деген оюм жок болчу. Атам Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде  иштечү. Ошон үчүн атам: “Кызым сени ушул факультетке эле  киргизип коёюн. Окууну бүткөндөн кийин музыкадан сабак берип мугалим болуп иштейсиӊ”-деп айтканда макул болуп ошол факультетте окуп калдым. Ал жерден атамды уят кылбайын деп жалаӊ “5”ке окуганга  аракет кылдым. Вокал сабагынан мага мугалим жетпей калды. “Бектур Мендегулов деген агай келет”-деп айтышканынан аны күтүп атып арадан бир ай өтүп кетти. Бир күнү ал агайдын келгенин угуп коридордон издеп жөнөдүм. Анан алдымдан  бейтааныш адам чыкканда андан Бектур агайды сурасам  “менмин” деп жатпайбы. Көрсө, ошол адам мен издеген Бектур агай экен. “Агай,вокалды аябай окугум келип жатат. Сизди көптөн бери күтүп жүргөм” десем, “жүрү” деп бир аудиторияга ээрчитип  кирип үнүмдү «распевка» кыла баштады. Ошондо агайым менден кыйналбай эле өзүмдүн табигый  үнүм менен эле ырдашымды талап кылды.  Акыры үнүм калыбына келе баштады. Негизи вокал сабагы бир жумада бир гана жолу өтүлчү.

Бул сабакка болгон менин кызыгуумдан улам күнүгө сабак өтүлгөндүктөн концермейстер Жаркын Апышова эжей дагы ырдаганымды коштоп, дегеле экөө теӊ менден убактыларын эч аяшкан жок. Эми  бул жерден дагы бир нерсени  баса белгилеп кетпесем болбос. Себеби, мен Жаркын эжейдин үйүндө жашап, анын жакшы тарбияларын көрдүм. Ачыгын айтсам Жаркын эжейим менен Бектур агайым ошол учурдагы  чыгармачылыгыма жол ачышкандыгын баса белгилеп кетмекчимин. Жылдын аягында биздин факультетте вокалисттердин конкурсу болуп калды.  Ошондо мен 1-курста окучумун. Бул конкурста мен италиялыктардын “Санта-Лючиясын” , Н.Давлесовдун “Сүйгөнүм аттуу ырын” , орус эл ыры  “То не ветер ветку клонитти”    аткарып, конкурстун жыйынтыгын күтпөй эле  кетип калгам. Ал кезде азыркыдай элдин баарында эле  телефон жок болгондуктан мага эч ким конкурстун жыйынтыгы тууралуу маалымат бере албаптыр.  Көрсө, мен биринчи орунга ээ болуптурмун.

Эртеси мага Токтогулдун күүлөрү жазылган пластинка, грамота, гүл беришти. Бул окуя менин ошол учурдагы чыгармачылыгым үчүн чоӊ стимул болду. Ошол  конкурстан кийин агайым менен 2-курстан баштап чогуу дуэт аткарып мамлекеттик концерттерге катыша баштадым. Ал кездеги президент Аскар Акаев катышкан бир концертте жогоруда айткан “Сүйгөнүмдү” ырдагам. Анан 3-курстан белгилүү композитор Муратбек Бегалиев “Кыргыз Улуттук Консерваториясынын филиалын ачам” деп Ошко барып калды.

 А мен  1-курста окуп баштаганда эле   консерватория, театр, вокал эмне экенин билип  “Консерваторияга тапшырсамбы” деп   кызыгып жүргөн элем. Муратбек Акимович эртеӊ менен биздин факултеттин студенттери менен жолугушуу өткөргөндө түштөн кийин университеттин залында концерт болду.  Ошондо мен композитор В.Кьяранын  “Испан балеросун”өзүм аткарсам,  ал эми  Дж. Вердинин “Травиата” операсынан  “Застольная песнясын” Бектур агайым менен  дуэт аткаргам. Концерт  бүткөндөн кийин Муратбек Акимович чакырып алып: “Сен үнү даяр опера ырчысы турбайсыӊбы. Консерваторияга окугуӊ келеби?”-дегенде сүйүнүп кетип “Ооба, окугум келет”-десем 2-курска сынаксыз кабыл аларын айтты. А мен ага чейин бул жактан окуумду  аяктаган соӊ “Консерваторияга тапшырсамбы?”-деп ойлонуп жүрчүмүн. Ошондо 3-курсту аяктап жаткан элем.Сентябрда жаӊы окуу жылы башталганда Консерваториянын академиялык вокал-хор факультетинин 2-курсуна кабыл алынып, доцент  Сарыгулова Зина Амановнанын классында окуп калдым.

“Асанкан агай менен мамлекеттик концерттерге катышкам”

  —4-курстагы сынакта залкар композитор  Дж. Пуччининин “Богема” операсынан Миминин ариясын аткарганымда СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев угуп : “Сенин үнүӊ Европа ырчыларынын  үнүндөй экен. Андыктан театрда иштегенге даяр экенсиӊ ”-деп опера-балет театрына алып келип хордун  курамына киргизген. Арадан көп өтпөй хордун жетекчиси Карагул Тиленчиев  залкар маэстро Асанкан Жумакматовго менин ырдаганымды угузду. Ошол учурда Асанкан Жумакматов театрдын башкы дирижёру эле. Менин үнүмдү уккандан кийин    театрдын хорунан солистикке которду.

Биз  ошол учурда А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестрде көптөгөн дүйнөлүк композиторлордун арияларын Кыргыз радиосунун Алтын фондуна даярдап жаздырган элек. А бирок тилекке каршы, Асанкан агайдын күтүүсүздөн көзү өтүп кеткендигине байланыштуу ал ырлар Алтын фондго берилбей калган болчу. Асанкан агай менен бирге мамлекеттик масштабдагы иш-чараларда жана президенттердин ант берүү аземдеринде болгон концерттерге катышкам. Мындай учурлар менин чыгармачылыгымдагы эӊ сонун көз ирмемдер болду деп айтсам жаӊылышпайм.

 

2004-жылы  Ош, Жалал-Абад областтарында  Асанкан Жумакматов, Тууганбай Абдиев, Дарика Жалгасынова, Күмөндөр Абылов, Жаныбек Алыкулов , Сталбек Жунушалиев өӊдүү таланттуу инсандар менен гастролдо жүргөнүмдө президент Аскар Акаевге жолугуп калдык. Биз анда гастрол аяктап кайра Бишкекке кайтканы жаткан элек. Көрсө, Асанкан агай жаш таланттардын өнөрүнө күбө болуп коюӊуз деп президенттен өтүнсө керек. Ошондо Сталбек агай экөөбүз азербайжан композитору У. Гаджибековдун “Аршин мал алан” музыкалык комедиясынан Аскер менен Гульчохранын дуэтин аткарганбыз. Биздин ырдаганыбызга суктанган А. Акаев президент экенине, убактысынын тар экенине карабай ордунда туруп уккан эле.  2005-жылы болсо Россиянын Санкт-Петербург шаарына дүйнөлүк ырчы Елена Образцова  атындагы Эл аралык конкурска катышкам.  Асанкан Жумахматовдон тышкары ошол кезде филармониянын директору Керим Турапов менен дагы кызматташкам.

 “Учурда КР Эл артисти  С. Алмазбековдун классында билимимди өркүндөтүп жатам” 

—Чыгармачылыгымда композитор Э. Колмановскийдин балдар үчүн жазылган “Белоснежка  и 7 гномов” жомок-операсынан Белоснежканын ролун Кыргыз Эл артисти Төлөгөн Томотоевдин дирижёрлугу алдында аткаргам. Андан кийин азербайжан композитору У. Гаджибековдун  “Аршин мал алан” опереттасынан  Гульчохранын,  А. Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин  “Айчүрөк операсынан Калыймандын, композитор А.Моцарттын “Волшебная флейта” операсында түнкү ханышанын, Дж.Вердинин “Риголетто” операсынан Джильданын,  Н.Давлесовдун “Аста секин колукту “ музыкалык комедиясында Зияданын, Дж. Россининин “Севильский цирюльник” операсынан  Розинанын   ролун аткаргам.  

Учурда композитор  Дж.Вердинин  “Травиата “ операсынан Виолеттанын,  “Аида” операсынан Аиданын партияларын аткарганга даярданып жатам.  Чыгармачылыгымды өркүндөтүү максатында 2004-жылы Кыргыз Эл артисти Талгар Жакшылыковдун жетекчилиги алдында аспирантурада окугам. Менин бүгүнкүдөй ийгиликтериме жетишиме бирден бир себепкер болгон Муратбек Акимович экендигин сыймыктануу менен эскерип кетмекчимин. Азыркы кезде Кыргыз Эл артисти Сталбек Алмазбековдун классында билим алуу менен бирге, концертмейстер   Набира Жаксалиева менен чыгармачылыкта тыгыз кызматташып жатам. Ал эми өзүм кичинекей кезимде музыкалык мектепте окубагандыгыма байланыштуу кызымды 5 жаштан баштап белгилүү кыл кыякчы  Саид Бекмуратовдун баласы, КРнын Эмгек сиӊирген артисти  Казыбек Бекмуратовдун классына бергем. Учурда кызым М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайын аяктоо менен бирге, СССРдин Эл артисти Ч.Базарбаев атындагы   Бишкек хореографиялык окуу жайынын 1-курсунда окуп жатат.

Маектешкен: Нуркемел ИСАЕВ  

 

.                                  

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here