Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы РСК банктын кызматкерлеринин коррупциялык  уурулугун ачыкташты. Маалыматта   банктын айрым  кызматкерлери 2012-2017-жылдарга чейин кардарлардын эсебиндеги, анын ичинде мурун банкта иштеп кетишкен бир катар кызматкерлердин каражаттары боюнча алдамчылык операциясын жүргүзүп, өз кызыкчылыктарын ишке ашырып келишкени айтылат. Уурдалган акчанын жалпы суммасы 32 миллион 600 миң сом.  Кемип калган эсептеги каражаттар башка кардарлардын эсебинен толукталып тургандыгы да аныкталган. Кылмышка шектүү кызматкерлер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак:Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here