Президент Сооронбай Жээнбеков аппарат башчы болуп үч ай иштеген Фарид Ниязовду кызматтан кетирбей мындан ары да иштешүүнү сунуштаганына карабай, Ниязов өз чечимин өзгөртпөй “КСДПга иштегеним көбүрөөк пайда келтирет”- деген кыязда кеп айтып, кызматтан кете турганын билдирди. Учурда Ниязовдун ордуна ким келет деген суроо кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүк бул кызматка учурда президенттик апараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Мухаммедкалый Абулгазиев келет деген пикирди айтышууда. Бир ай мурун эр ортону 50 жашка толгон Абулгазиевдин Жээнбеков менен жеринен мамилеси жакшы. Анын амбициясы деле өтө чоң эмес, кишинин тилин бат тапкандардын бири катары сыппатталып келет. Эгер аппарат башчы болсо, жакшы эле иштеп берүүгө дарамети жетет.

Булак: Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here