Сауд Арабиянын Медина шаарындагы мейманканалардын биринен тажикстандык жаш ишкер Бахтиёр Додохоновдун, анын жубайынын жана эки жаш баласынын денеси табылды. Маркум ишкер «Шарки Озод» басылмасынын мурунку директорунун уулу, деп маалымдайт «Азия Плюс».

Ишкердин каза болгонун басылмага жакындары тастыкташкан. Такталган маалыматтар боюнча, ишкер 33 жашта болсо, уулдарынын бири 11, экинчиси 12 жашка толгон. Бул үй-бүлө Медина шаарына кичи ажылык сапар (умра) үчүн барышкан. Исламдын шарттарына ылайык алардын денеси көз жумган шаарда жерге берилет.
Айрым маалыматтар боюнча, 4 адам тең ууланган.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here