Назарматова Касийра Мукашевна –кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан. Өзгөчө анын ысымы билим берүү тармагында чоң тамгалар менен жазылып келет. Ал өз өмүрүн билимге арнап, 50 жылдан бери ушул жаатта үзүрлүү эмгектенип келет. Маалымат үчүн айта кетсек, Касийра эже 1968-жылы жылы Самарканд кооператив институтун, 1975-жылы Москвадагы элдик чарба институтун аяктаган.  Ал жогорку окуу жайдын жөнөкөй мугалиминен тарта ректоруна чейинки кызматтарда иштеп чоң тажрыйба топтоп, Билим берүү министринин орун басары, министрдин милдетин аткаруучу болуп да иштеген. 1990-жылдардан кийин Кыргызстан Эл аралык окуу жайын түптөөчүлөрдүн бири  болгон. 2000-жылы учурда абройлуу окуу жайлардын бири болуп саналган Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын түптөп, ошол жылдан тарта өзү түптөгөн окуу жайдын түйшүгүн тартып ректор болуп келет. Профессор Назарматова Касийра Мукашевна менен бүгүнкү күндөгү билим берүү багытынын күнгөй-тескейи жана башка маселелер боюнча  маек курдук.

 Билим берүү тармагындагы жалпы абалга кандай баа берет элеңиз?

—Азыркы кезде билим берүү тармагындагы абал жылдан-жыга жакшырып жатат. Албетте, жалпы жонунан баары мыкты деп айтууга мүмкүн эмес. Өзгөчө жогорку окуу жайларынан билим алуу жагдайына токтоло турган болсок, көйгөйлөр бар. Советтер Союзунун мезгилинде жогорку окуу жайларынан билим алууга баарынын мүмкүнчүлүгү бар болчу. Азыр андай эмес. Себеби, окуунун сапатын жогорулатабыз дешип, жалпы республикалык тест тапшыруу системасын киргизишкен. Мектепти бүткөн окуучулар жогорку окуу жайына тапшырам десе милдеттүү түрдө тест тапшырууга тийиш. Тест тапшырган окуучу 110 баллдык босого баллдан жогору алышы керек. Эгер 110 баллга жетпей калса окуучу университетке тапшыра албайт. Бул жагдай бир жагынан билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болгон чара болгон менен окуучулардын жогорку билим алууга болгон укугу чектелип калууда. Башкача айтканда, көптөгөн окуучулар ЖОЖдон билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калып жатышат. Анткени, борбордогу мектептер менен облустагы, райондогу, айылдардагы мектептердеги билим берүүнүн сапаты асман менен жердей. Натыйжада, шаарда окуган балдар тесттен өтүп кетишет да айыл жергесинде окууган көтпөгөн окуучулар 110 баллдык босогодон өтө албай университетке тапшыруу укугунан ажырап калышууда. Мына ушул жерде көйгөй бар.

Себеп дегенде алыскы айылдагы мектептерде билим берүүнүн сапаты төмөн. Айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишпейт. Буга айылда жашап, ошол жердеги мектептен билим алган окуучу күнөөлүү эмес да…

Эми бул көйгөйдү кандай жол менен чечсе болот?

—Арийне баардык нерсени чечүүнүн жолу бар. Жалпы республикалык тесттин 110 баллдык босого чекти шаардык, облус, райондордогу билим берүүнүн деңгээлине жараша коюш керек. Маселен, Бишкек, Ош жана башка чоң шаарлардагы, облус, райондордун борборлорундагы мектептерге 110 баллдык чек коюлса, алыскы аймактардагы айыл жергесиндеги мектептерге 90 баллдык чек коюлуш керек. Ошондо калыстык болот. Мен билим берүү тармагында эмгектенип келе жатканыма 50 жылдын тегереги болду. Өз тажрыйбамдан улам жакшы билем, айылдык балдар өтө тырышчаак, эмгекчил болушат. Алгач университетке келишкенде 1-2 жыл кыйналышат. Үчүнчү курска келгенде шаардык балдарды басып өтүшөт. Ал эми окууну аяктап жатканда эң мыкты алдыңкы студенттер айылдык балдар болушат. Ошондуктан айылдык мектептерди бүткөн окуучулардын жогорку окуу жайларынан билим алуусун чектебестен аларга шарт түзүп бериш абзел.

ЖРТинин босого чегин кайрадан карап чыгуу зарыл. Айылда окуган балдар жогорку билим ала албай, суудан кургакка серпилген балыктай болуп калбаш керек. Дегеним, айылдыкпы же шаардыкпы жогорку билим алууга баарына бирдей шарт түзүлүш керек…

Учурда жогорку окуу жайлары аябай көп. Билим берүү министрлиги билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү, сандан сапатка өтүү максатында, айрым жеке менчик жогорку окуу жайларын жабуу маселесин көтөрүп келет. Сиз колдойт белеңиз?

—Менин оюмча, жогорку окуу жайлары көбөйүп, билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетти деген туура эмес. Кеп окуу жайлардын санында эмес, маселе мамлекеттикпи же жеке менчигине карабай ар бир окуу жайдын билим берүү системасынын абалы заман талабына шайкеш келеби, материалдык-техникалык окуу базасы талапка жооп береби дегенде жатат. Жеке менчик окуу жайларын жаап салуу менен маселе чечилбейт. Аны менен  билим берүүнүн сапаты жогорулап кетпейт. Ашыкча окуу жайларын жабабыз дегенден мурун, мамлекеттик же жеке менчик экенине карабай жогорку окуу жайындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча бирдиктүү программа кабыл алып, аларга атаандаштык шарт түзүп, мугалимдердин окуу-усулдук ыкмасын жакшыртуу жагына көңүл буруш керек. Азыркы министрибиз жакшы аракеттерди колунан келишинче көрүп жатат. Дагы жакшы иштерди кылат деген ишенимдемин.

—Коомчулукта азыркы кездеги бакалавр, магистр билим берүү системасы бизге ылайык эмес экен. Мурдагы эле Советтер Союзунун мезгилиндегидей эле системага кайтыш керек деген көз караштар айтылып келет. Сиз кандай пикирдесиз?

—Бакалавр, магистр бул Европалык билим берүү системасы. Бакалавр окуу системасы боюнча студент толук жогорку билимге ээ болбойт. Ал үчүн магистрликти окуш керек. Негизи союздун кезиндегидей толук жогорку билим берген система жакшы болчу.

—Өзүңүз жетектеген окуу жай боюнча эмне айтасыз?

—Мына биздин Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы өзүн-өзү каржылаган жогорку окуу жайы болуп саналат. Биз мамлекеттен бир тыйын албайбыз. Бирок биз жумуш орундарын түзүп, миңдеген балдарга заман талабына шайкеш келген билим берип жатабыз. Бизде 2000ге чейин студенттер окуйт. Биздин окуу жай башында Москвадан атайы буйрук менен копперативный окуу жай деп 1938-жылы түзүлгөн. Быйыл 80 жыл болот. Бул окуу жайы убагында соода тармактарын боюнча адистерди даярдап келген. Союз тарагандан кийин, тагырагы 2000-жылы биз өзүн-өзү каржылаган жогорку окуу жай кылып түзүп чыкканбыз. Бул окуу жайды эң мыкты окуу жай жеп айта албайм. Бирок талапка жооп  бере ала турган жакшы окуу жайлардын бири десем болот.

—Окуу жайдын чечилбеген кандай көйгөйлөрү бар?

—Баары эле жетиштүү. Бирок чечилбеген бир эле көйгөйү бар. Эчак  жоюлуп кеткен “Кыргызпотревсоюздун” мураскерибиз дегендер “Кыргызкоопсоюз” дегенди түзүп алышып, 15 жылдан бери биздин окуу жайдын имаратын сатып жиберүүгө абдан жандалбастап келатышат. Алардын максаты  бирөө эле. Болгону эптеп бул окуу жайды тартып алышып, сатып жиберсек дейт.

—Эртең буйруса, Эл аралык 8-март майрамы болгону турат. Бул майрам менен сизди куттуктап коёлу. Майрам тууралуу эмне айтасыз?

—Ырахмат! Бул майрам аял затынын эң чоң майрамы да. Жакшы көрүп күткөн майрамы. Биз дагы бул майрамды бала кезибизден майрамдап келатабыз. Ошондуктан мен бүткүл аял затын чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Аял заты бар болсун! Бай болсун! Аял затына тиешелүү бардык бакытты каалайм. Элибизде ар дайым тынччылык, токчулук болуп, өлкөбүз өркүндөп өсө берсин!

Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here