Бүгүн 27-февралдан бери Бишкекте өтүп жаткан күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталмакчы. Эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Муслим Евлоев чемпион аталып, алытн медал тагынды. Муслим 74 кг. салмакта монголоялык балбан ф М.Ганзори 11-1 эсеби менен жеңди. Муслим Евлоев алтын байге үчүн таймашка чейин үч беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңген. Алгач тажикстандык Сорбон Абдулхаевди 11:0, чейрек финалда түркмөнстандык Довлетмурат Оразгылыжовду 12:2, жарым финалда ирандык Мостафа Мохаббали Хоссейнханини 8:4 эсебинде утуп алган эле.
Ал эми 61 кг. салмакта күрөшкөн Улукбек Жолдошбеков коло медалга татыды.
Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары жалпысынан 8 медаль утуп, 1-орунга чыгышкан. Анын бири алтын Акжол Махмудовго таандык. Мындан тышкары, 3 күмүш, 4 коло. Ал эми кыз-келиндер арасында Мээрим Жуманазарова гана коло медалга татыган. Бүгүнкү эркин күрөштөгө Муслим менен Улукбектин алтыны менен колосун кошкондо кыргыз балбандары 11 медалга ээ болушту.